ЛГБТ-уюму митингдеги «провокатор» туурасында: Биз аны буга чейин көргөн эмеспиз, анын бизге тиешеси жок (фото)
«Лабрис» кумсалардын укуктарын коргоо үчүн мурдагы күнү өткөн митингге өз өкүлдөрүн жиберишпегенин айтты
Мурдагы күнү аянтта өткөн #REакция 2.0 митингинде кызыкдар күчтөр гомосексуалдык темасын колдоп коомдук пикирди манипуляция кылууга аракет кылышкан. Бул тууралуу Vesti.kg «Лабрис» ЛГБТ-уюмунан билдиришти.
- Кумсаларга болгон жек көрүүчүлүк маанай бизде жок эмес, анын аркасы менен коррупцияга каршы жана сөз эркиндиги боюнча митинге ишенбөөчүлүк жаратууга аракет кылышты - дешти уюмда. ЛГБ өкүлдөрү Кыргызстандын жарандары болгондон кийин, арийне митингдерге катышып, өз позицияларын билдирүүгө укуктары бар. Алардын катышуусу дискредитацияга теңелбеши абзел. Андыктан, биз ал жерде биздин коомчулуктун кишилери болгон жок деп так кесе айта албайбыз, анткени бул «биз коррупцияны колдойбуз» деп айтууга барабар болуп калышы мүмкүн.
Мындан сырткары, «Лабристе» митингде журналисттерге кумсалардын укугун коргоп келгенин айткан белгисиз жигиттин пайда болушу боюнча дагы пикирлерин айтышты. Уюм ал ЛГБТ- коомчулугугуна тиешеси барбы-жокпу так билишпесин бирок, алардын кызматкери эмес экени анык экенин, анткени, алар акцияга өз атынан эч кимди жөнөтүшпөгөнүн айтышты.
- Биз ал адам ЛГБТга тиешеси бар же жок деп тай айта албайбыз. - Бирок, анын биздин уюмга тиешеси жок, биз аны буга чейин көргөн эмеспиз.
Мындан сырткары, интернетте белгисиз адамдын митингге ЛГБТНЫН символикасы менен катышып берүү үчүн 3 миң сом сунуштап жатканы боюнча сүйлөшүүлөрдүн көчүрмөсү жарыяланган.
Эске салсак, 18-декабрда Бишкектин Ала-Тоо аяндында #REакция 2.0 аты менен тынчтык митинг болуп өттү. Шаардыктар коррупцияга каршы жана ММКларды колдоо боюнча нааразычылык акциясына чыгышкан.
Митингдин жүрүшүндө жүзгө жакын ак калпакчан, колуна Кыргызстандын желегин көтөргөн белгисиз адамдар пайда болгон. Алардын айрымдары гей-парадга каршы жана Кыргызстандын ишине үчүнчү күчтөрдүн кийлигишүүсүнө каршы чыгууга келишкенин айтышкан.
Ал ортодо #REакция 2.0 митингинин катышуучуларынын арасына көз айнек тагынган белгисиз жигит кошулуп, жергиликтүү басылмага ЛГБТ-адамдардын атынан аянтка келгенин айтып, маек берген. Колуна жыныстык азчылык уюмдарынын желегин кармаган ал жигит ЖКнын экс-депутаты Ширин Айтматова менен чогуу сүрөткө түшөйүн деди эле, бирок, желекти көргөн Айтматова аны менен сүрөткө түшүүдөн баш тартып койгон.
Көптөгөн соцтармактын колдонуучулары жигитти «провокатор» дешип,, анын аракеттерин катуу сынга алышкан.
Нааразычылык акциясына бир нече күн калганда интернет-колдонуучулар коомчулукту иш-чарага барбоого чакырып, митинг эмес эле «гей-парад» өтөт деп жазышкан эле.
Эльдос Казыбеков
Фото www