Атамбаевдин мурдагы күзөт башчысы Кой-Таштагы операцияга чейин шефи экөөнүн ортосундагы «таң калычтуу» маеги жөнүндө айтып берди
Канат Сагымбаев Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчилиги «Альфага» мурдагы президентти кармоону, ал эми аны Атамбаевди коргоосун улантууну буюрганын баса белгиледи
Алмазбек Атамбаевдин мурдагы күзөт башчысы, УКМКнын 9-бөлүмүнүн кызматкери Канат Сагымбаевдин жактоочулары аркылуу жиберген ачык билдирүүсүн КСДПнын басма сөз кызматы жарыялады:
«Мен, Канат Сагымбаев, 7-8-августта Кой-Таштагы окуялар боюнча мамлекеттик комиссиянын учурдагы бийликке жагалданып чыгарган тыянагындагы бетпак, уятсыз калпына караманча каршымын!
Мамлекеттик комиссиянын курамы жалаң экс-президент Алмазбек Атамбаевге жеке кеги же таарынычы бар адамдардан куралганынын өзүн акыйкатсыздык деп эсептейм.
Комиссиянын тыянагы туурасында мен коомчулукка мага тиешеси бар эки маселе боюнча чындыкты айтууну туура көрдүм. Парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты М.Ю. Абдылдаев «Сагымбаев өз милдеттерин аткардыбы? Ал алдын ала эскертилгенби?» деген суроо узатып, ага УКМКнын төрагасы башында турган жетекчилер оозу-мурду кыйшайбай туруп, «Ал алдан ала эскертилгенине карабастан, милдетин аткарган жок» деп суу кечпеген калпты айтышты.
Чындыкты айтып, жоопкерчиликти өз мойнуна ала албаган, бийликке жагынуу үчүн мага окшогон өз кызматкерлерин курмандыкка чалууга даяр болгон мындай жетекчилерден эл жана мамлекет эмнени күтсө болот?!
Чындыгында, ал күнү алар эки жүздүү буйрук беришкен: «Альфанын» кызматкерлерине «Экс-президентти кармап, алып келүү», мага болсо «объектти корго» дешкен. «Альфанын» жоокерлери тапшырмасын аткара алышкан жок. Мен болсо өз кызматтык милдеттеримди так аткарып, объектини аман-эсен өткөрүп бердим, күзөт объектисинин башынан бир дагы тал чач түшкөн жок.
7-8 -августта мен басып кирип келген спецназдын кызматкерлерине каршылып көрсөткөн жокмун, болгону экс-президенттин коопсуздугун камсыздап жаттым.
Бул окуялардан кийин көптөгөн кызматкерлер сыйлык алышты, мен болсо түрмөгө отуруп калдым. Эгерде бул адамдар сыйлыктарын мамкомиссиянын жыйынтыктарынан кийин алышса да мейли дейт элем. Бийлик бул коркунучтуу оюнга атайын барганы шексиз болуп баратат.
Экс-президенттин үйүнө чабуул жасалат деп мени эч ким алдын ала эскерткен эмес! Ооба, мындай болоорун деле ойлогом, бирок, ноябрда, Конституциялык палатанын чечиминен кийин гана болсо керек деген элем.
Мен өз жоопкерчилигимди ар дайым сезчүмүн, андыктан, ал окуяларга аз убакыт калганда мен өзүм 9-бөлүмдүн жетекчиси Шабданбековго кайрылып, экс-президентке карата күч менен кармоо аракети колдонула турган болсо, менин милдеттерим менен жоопкерчиликтерим кандай болору туурасында сурагам. Ал мага: «Сен жөн эле четке чыгып кетесиң го, акырын» деп жооп берген. «А эгерде эскертүүсүз, күтүүсүз келип калышсачы?. Мен аларды кантип тааныйм?» деген суроомо ал «Эми, өзүң көрөсүң да аны» деп койгон. Мен кайра: «Мейли, мен четке чыгып кетейин. Бирок, эгерде, экс-президент Алмазбек Атамбаев менен бир нерсе болсочу, ким буга жооп берет. Анын коопсуздугу үчүн биринчи кезекте мен жооптумун го? Эгерде, бул сиздин буйругуңуз болсо, анда аны жазуу түрүндө каттап, Алмазбек Атамбаевдин коопсуздугу үчүн жеке өзүңүз жооп берериңизди так жазып бериңиз» дедим. Шабданбеков буга макул болгон жок, кыязы, жоопкерчиликти өзүнө алгысы келбей койду. Ал мага: «Канат, сен азыр кете бер, мен жогору жак менен такташып, сага өзүм кабарлайм» деп койду. Бул сүйлөшүүдөн кийин ал мени менен байланышкан жок жана эч нерсе кабарлаган да жок. Күзөт объектисин коштоп жүрүү 9-бөлүмдүн түздөн түз милдеттеринин бири, демек, мен экс-президент Алмазбек Атамбаев кайда барбасын, ага ким келбесин жанында болушум керек болчу.
Жетекчилердин шалаакылыгынан, алардын кандай жол менен болбосун жоопкерчиликтен кутулуп кетүү аракетинен улам мага окшогон офицерлер соккуга калып, курмандыкка чалынышууда, алар болсо суудан кургак чыгып кетишүүдө. Бул мени өтө кайгыртат.
Мени камакка алышты, бирок, сындыра алышкан жок, башка менден да чечкиндүү офицерлерди сындырып коюшту. Офицер катары жетекчиликтин иш-аракеттерин мен дал ушундай баалайм. УКМКда өз ишинин мыкты чеберлери болгон адистер абдан көп экенин белгилегим келет, ал жерде билим деңгээли төмөн, кесипкөйсүз кызматкерлер гана отурат деген түшүнүк туура эмес.
Кой-Таштагы окуялар боюнча дагы кайталап кетем: спецназ Алмазбек Атамбаевди эч кандай жоготуу жана кесепеттерсиз эле кармоого болгон мүмкүндүктөргө ээ эле. Бул үчүн, мисалга экс-президент менен учурашууга келген адамдардын тобуна байкатпай 15-20 ыкчам кызматкерлерди кошуп жиберип, акырын эле аны кармап алышса болмок. Бул жерде башка суроо туулат: эмнеге спецназды жиберүүдөн мурда байланыш менен интернетти өчүрүп салышпай, эл чогулуп, жоокерлерди сабай башташканда анан муну кылышты? Анткени, алар байланышты мурдаарак өчүргөндө эл чогулбай, мындай оор кесепеттерге алып келбейт эле го? Менимче, бийликтин бул аракеттери аларда башынан эле чагым уюштуруу аракеттери болгонун ашкерелейт.
Мен Кой-Ташка келген «Альфанын» кызматкерлерин эч күнөөлөбөйм. Күнөө оор кесепеттерге алып келген алдын ала пландалган кылмыштуу буйрукту берип, жоокерлерди жаалданган элдин колуна салып берген алардын жетекчилеринде! Мен бул жетекчилерди жоопкерчиликке тартууну талап кылам!
Мындан сырткары, менде экспертизанын «Альфа» атайын багыттагы бөлүмдүн командиринин орун басары Кой-Таштагы окуялардын жүрүшүндө СВД үлгүсүндөгү мылтыктан атылган 7.62 калибриндеги октон каза болгону туурасындагы тыянак боюнча дагы чоң күмөнүм бар. Мыйзамдуу ыйгарым укуктарым менен пайдаланып, мен экспертизага катышууну сурангам. Бирок, тилекке каршы, бул өтүнүмдү четке кагып коюшту. Дагы бир жолу кайталап кетейин: мыйзамга ылайык, менин катышууга толук укугум бар эле.
Эми менде экспертиза боюнча, ошондой эле спецназдын жоопкери көз жумган абал боюнча бир нече суроолорум бар:
1. Эмнеге катуу жарадар болгон Үсөнбек Ниязбековду хирургия эмес, травматологиялык бөлүмгө алып барышат?
Кыязы, ал жерде керектүү тыянак чыгарып, жасалма документти даярдап берчү бийликтин ишенимдүү кишиси жок болчу. Бул факт чоң күмөн санатат.
2. Экспертизада көрсөтүлгөн мылтык үйдүн 3-кабатында болчу, ал жерден чыгарылган эмес. Эмнеге 3-кабаттан 2-кабатка чейин бир дагы кандын тамчысы жок? Мындай ок тийген адам канжалап калмак.
3. Буга чейин сиздер өзүңүздөр жогоруда айтылган адам АК-74 мылтыгынан, 5.45 калибрлүү октон каза болгонун айтып келгенсиздер, азыр эмнеге эми таптакыр башка сөз болуп калды?
4.Экспертизада, ошондой эле жоокерге так кайсы убакытта ок тийгени дагы көрсөтүлгөн эмес.
5. Ал чогулган эл келгенге чейинби же андан кийин жарадар болгонбу? Эгерде ал эл келгенге чейин жарадар болгон болсо, анда аны үйдүн кайсы тарабы менен ооруканага алып кетишкен? Менин билишимче, эл келгенге чейин үйдөн оор жаракат алган жоокерди алып кетишкен эмес.
Экспертизанын бүтүмү менде чоң күмөн жаратат жана жөн жерден эмес! Менде дагы көп суроолор болот, бирок, мен аларды буларга жооп алгандан кийин гана берем. Бул иш боюнча тергөө жашыруун эмес, ачык өтсө адилеттү болмок. Анда коомчулукта бардык чындыкты алууга мүмкүндүк болот эле.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевге жана мага тагылып жаткан берене орунсуз, спецназдын жоокери СВД мылтыгынан жарадар боло алмак эмес. Сиздер эч кандай далилдери жок эле айыптап жатасыздар.
Мен мага карата тагылган айыптоолордун бардыгын четке кагам жана мунун бардыгын мыйзамга таянып, далилдеп бере алам. Менин камалышым, менин дарегиме коюлган күнөөлөрдүн бардыгы бир гана максатты көздөгөн кысым - бийлик мени сындырып, Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берүүмө аракет кылууда.
Менде Алмазбек Атамбаевге каршы эч кандай көрсөтмө жок. Мен эч качан мыйзам бузган эмесмин. Эң башкысы - мен өз милдеттеримди мыйзамдарды толук сактоо менен так аткарып келгем» - деп жазылган Сагымбаевдин билдирүүсүндө.
КСДПнын басма сөз кызматы
Фото www