Өмүрбек Бабанов «Республика» партиясынын кезексиз съездине келди (фото)
Бүгүн президентикке экс-талапкер партиялынын лидерлигинен кетеби-жокпу билинет
Президентикке экс-талапкер, «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов саясий бирикменин кезексиз съездине келди.
Күн тартибинде эки маселе - саясий кеңештин курамынын өзгөрүүсү жана лидерди тандоо турганы белгиленген.
Партиянын лидерлигине талапкерлердин бири Жыргалбек Турускулов чыгып сөз сүйлөдү.
- Биз Өмүрбек Токтогуловичтин жана биздин партиялаштарыбыздын дарегине жагымсыз сөздөрдүн айтылышына эч качан жол бербейбиз, - деди ал. Өз ишибизди так аткарып, элге берген убадаларды аткарууга аракет кылабыз.
Медина Купсулдаева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз