Ширин Айтматованын күйөсүнө каршы арыз берген кытай жаранынын жактоочусу басма сөз жыйынын чукул токтотуп койду
Ал мурдагы эл өкүлү Сыргак Кенжебаевдин жубайы экенин буга чейин билбегенин айтты
ЖКнын экс-депутаты Ширин Айтматованын күйөөсүн алдамчылыкка айыптап жаткан кытай жараны Мотайлифу Маймайтямингдин жактоочусу Жанара Аскар кызы белгисиз себептерден улам бүгүнкү пресс-конференцияны токтотуп койду. Ага чейин ал Ширин Чынгызовна менен жеке тааныштыгы бар экенин айткан эл.
«Мен өзүм Ширин Айтматованы билем жана Сыргак Кенжебаев анын күйөсү экенин бүгүн уктум. Эмне кыларымды билбей турам. Мүмкүн болсо мен бүгүнкү басма сөз жыйынын токтотоюн»,- деген юрист.
Журналисттер эмнеге арыз берүүчү ИИМге эмес УКМКга кайрылганын сурады. Жактоочу буга Кенжебаев кытай жаранын ИИМдеги байланыштары менен жана Кыргызстандан депортация кылып жиберем деп коркутканын айтты.
Бир нече журналисттер андан басма сөз жыйынын улантууну суранышты, бирок, ал прессанын суроолоруна жооп берүүдөн баш тартып, залдан чыгып кетип калды
«Мотайлифу Маймайтяминг мага бир жума мурда кайрылган. Биз УКМКга кайрылдык, анткени, Сыргак Кенжебаев ИИМдеги жеке тааныштары менен коркутуп, аны депортация кылып салам деп коркуткан»,- деп тактады Жанара Аскар кызы.
Эске салсак, бүгүн кечинде Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ширин Айтматова Твиттердери баракчасына анын күйөсү Алматынын аэропортунан кармалганын жазган.
Кийин УКМКнын басма сөз кызматы Сыргак Кенжебаев алдамчылыкка шектелип жатканын маалымдаган. Чекисттердин маалыматына ылайык, 2018-жылдын башында ал Кыргызстанга «Коопсуз шаар» долборуна инвестиция тартуу үчүн келген.
«Коопсуз шаар» долбоорунун сынагына катышуу маалында Маймайтяминг Кенжебаев менен таанышат. Кытай ишкеринин ишенимине кирип Кенжебаев күтүлбөгөн чыгымдарга байланышкан ар кандай шылтоолор менен арыз берүүчүнүн 350 миң долларын алып, акчаны кайтаруудан баш тартып жатат»,- деп маалымдашты УКМКдан.
Аны УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камашты. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-берененин (Ири көлөмдөгү алдамчылык) 3-бөлүгү менен катталды.
Эльдос Казыбеков
Фото www