Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Бийлик Ширин Айтматова аркылуу бардыгынын оозун жабууну көздөөдө, бирок, бул, тескерисинче элди жаңы митингдерге чыгууга түртүшү мүмкүн

Адил Турдукулов өлкөдө башталган процесстерди токтотууга мүмкүн эмес экенине жана Сыргак Кенжебаевдин камалышы саясий негиздерге ээ экенине ишенет

Ширин Айтматованын күйөөсүнүн камалышы анын тарапташтарынын жанданышына түрткү болушу мүмкүн. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына саясат таануучу Марс Сариев бөлүштү.

- Кыязы, Сыргак Кенжебаевдин чын эле айыптоодо айтылган иштерге тиешеси бар, бирок, анын кармалышы Ширин Айтматованын үй-бүлөсү менен чет өлкөгө чыгып кетүү аракетине байланыштуу экенине шек жок. - Бийлик, эгерде Айтматова өлкө аймагынан чыгып кетсе ал жана анын тарапташтары мындан радикалдуу чараларга өтөөрүн билишкен. Аны буга чейиин деле камап коюшмак, бирок, мындай абалда убакытты чойбош керек эле, Айтматованын күйөөсү УКМКнын жертөлөсүндө отурганда анын колу-буту байланып калат.

Муну менен бирге Марс Осмонкулович тергөө органдары өтө так иш алып барышты деп айтууга болбосун дагы кошумчалады.

-Кенжебаевди кармаш керек болчу, бул түшүнүктүү, бирок, бул абал бийликке каршы бурулуп кетээрин эч ким ойлогон жок. - Ширин Айтматова мындайча айтканда бул темадан «хайп» кылып, анын тарапташтары дагы мындан пайдаланары шексиз.

Өз кезегинде КСДПнын мүчөсү жана мурдагы жарандык активист Адил Турдукулов Ширин Айтматованын күйөөсүнүн камалышында сөзсүз саясий негиз бар деген ойдо.

- Албетте, Айтматованын күйөөсүн анын саясий ишмердүүлүгүнөн улам камашты, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Азыр жүрүп жаткан процесстер, биринчи ирет ММКлардын иликтөөсүнө байланыштуу митингдерде Ширин Айтматованын ишмердүүлүгүнүн байланышы жок эмес. Ал коррупциялык схемаларды байма-бай аныктап жатат, эл тааныган аты бар. Ал эми бийлик, Ширин айткан көйгөйлөрдү чечүүнүн ордуна анын жакындарына кысым көрсөтүп, муну менен анын оозун жапкысы келип жатат.

Турдукулов тергөө органдарынын мындай аракеттери жөнүндө бир нече белги айтып жатканын белгиледи.

- Биринчиден, бизде тергөө менен кызматташуу делинген бузуку айгак тажрыйбасы дагы бир жолу колдонулду, - деп тактады ал. - Кимдир-бирөөнүн эле арызынын негизинде УКМК адамды камакка алууда. Кенжебаев менен кытай жаранын ортосунда кандайдыр бир каржы маселеси болсо, бул маселелер жарандык тартипте эле чечилүүгө тийиш эле. Мында болсо бул маселе менен улуттук коопсуздукка жооптуу УКМК алектенип баштады. Экинчиден, бийликке керек учурда адамдарды Казакстандан болсо дагы кармай калышат. Ал эми кээ бир кылмышкерлерге тийишишпейт. Мындай аракеттер адамдарды башка нааразычылык акцияларына чыгууга түртөт. Бийлик Ширин Айтматова аркылуу бардыгынын оозун жабууну көздөөдө, бирок, биздин өлкөдө башталган бул процесстерди токтотууга мүмкүн эмес.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg Ширин Айтматованын жолдошу Алматынын аэропортунда кармалганын жазган эле. Айтматова күйөсүн уурдап да кетишкен болушу мүмкүн деп божомолдогон.

Кийинчерээк УКМК расмий түрдө Сыргак Кенжебаев кытай жаранынан 350 миң долларды алдап алганына шектелип жатканын маалымдаган. Учурда ал Кыргызстанга алып келинип, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх