Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бабанов: Мен саясаттын чокусуна жеттим, эми башка иштер менен алектенип көрөйүн деп жатам

«Республика» партиясынын лидери ошондой эле ММКларга каршы доо арыздар боюнча дагы жооп берип, Сооронбай Жээнбековдин адилеттүүлүгүнө ишенерин билдирди

Бүгүн болуп өткөн «Республика» партиясынын кезексиз съездинде анын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов саясаттан кетүүнү чечкенин коомчулукка жарыялады. «Media center» ютуб-каналына берген маегинде президентикке экс-талапкер эмнеге мындай чечим кабыл алганын түшүндүрүп берген.

«Бул менин өзүмдүн чечимим. Он жыл убакыт өтүптүр. Саясий аренада партиялардын негизги максаты - жашоону жакшы жакка өзгөртүү. Мен үч жолу Жогорку Кеңештин депутаты болдум, премьер-министр, президентикке талапкер болдум. Саясий аренадага бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдондум. Эл өзүнүн тандоосун кылды. Мен ал шайлоонун жыйынтыгын тааныйм. Мен саясаттын чокусуна жеттим, ошон үчүн эми башка иштер менен алектейин деп жатам», - деген Бабанов.

Муну менен бирге ал МБКнын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовтун тегерегиндеги кырдаал боюнча дагы өз пикирин билдирди..

«Бул президенттин аталган кырдаал боюнча реакциясы. Анын жардамчысы Толгонай анын пикирин билдирди, андан кийин менимче чоң өзгөрүүлөр болду. Президент бардык маалымат каражаттарына бирдей карайт деп ишенем. Менимче, сот акыйкат чечим чыгарат», - деп жооп берген Омурбек Бабанов.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх