Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖАМК: СИЗОдогу Сыргак Кенжебаевге «каралар» кысым кылып жатканы - Ширин Айтматованын жомогу

 Мекемеде тергөө изоляторунун аймагында байкоо камералары бар экенин, андыктан экс-депутаттын жолдошунун коопсуздугунда коркунуч жок экенин эске салышты

ЖКнын мурдагы депутаты Ширин Айтматованын күйөөсү Сыргак Кенжебаевге СИЗО-1де калуу кооптуу болууда. Бул тууралуу мурдагы парламент мүчөсү Твиттер социалдык тармагындагы баракчасына жазган.

Эске салсак, алдамчылыкка шектелип жаткан Кенжебаев үстүбүздөгү жылдын 21-декабрында Бишкектеги СИЗО-1ге киргизилген.

Ал ортодо ЖАМКнын басма сөз кызматы тергөө изоляторунда айтылуу «каралар» Сыргак Кенжебаевди «сындыра алышпасын» Vesti.kg сайтына ишенимдүү билдиришти.

- Ал анын жомоктору, - деп баса белгилешти мекемеде. - Мекемеге биринчи ирет кабылган адам алгач карантинде кармалып, текшерүүдөн өтөт. Көптөгөндөр өздөрүндө гепатит, ВИЧ же башка оорулар бар экенин да билишпейт. Мындан сырткары, тергөө алдындагылар кылмыштын оордугуна жана беренелерге карата секторлор боюнча бөлүнөт.

Муну менен бирге ЖАМКда убактылуу кармоочу жайдын аймагында байкоо камерелары орнотулганын, алар борбордук аппараттан көзөмөлдөнүп турарын дагы кошумчалашты.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх