Исмаил Исаков: Кой-Таштагы окуяларды иликтеген мамкомиссиянын корутундусу бурмаланган эмес
Генералдын пикиринде башкы прокуратарага арызданмакчы болгон Клара Сооронкулова алгач документти жакшылап карап чыгууга тийиш эле
Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова Кой-Таш окуялары боюнча мамкомиссия Жогорку Кеңеште бурмаланган корутундуну алып чыгышкан деп Башкы прокуратурага арыз менен кайрылмакчы.
Документтин алмаштырылганы жөнүндө аталган комиссиянын башка мүчөсү, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков дагы айтып чыккан эле.
Бирок, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, аталган комиссиянын мүчөсү Исмаил Исаков Vesti.kg сайтына берген маегинде жыйынтыктоочу документке эч кандай өзгөртүү киргизилбегенин ишенимдүү айтты.
- Башкы прокуратурага кайрылуу - анын укугу, - деп белгиледи Исаков. - Бирок, ал өзү бул документке колун коюп жатса, кайдан анан документтин алмаштырылгандыгы жөнүндө сөз болушу мүмкүн, түшүнбөйм? Бирдемеге кол коёрдон мурда ада аны жакшылап окуп көрүшү керек да.
Исмаил Исакович ал өзү Кой-Таштагы окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусуна кол коюдан мурда, документти менен тыкыр таанышып, расмий жана мамлекеттик тилде көчүрмөлөрүн алганын кошумчалады.
- Башында корутунду негиз катары алынып, бирок, ал жыйынтыктоочу вариант эмес болчу, - деп тактады ал. - Акыркы вариантка менин бардык сунуштарым кошулган жана парламентке биз баарыбыз кол коюп берген документти алып чыгышкан. Мен өзүмө алып калган көчүрмөлөр жарыяланган вариантка окшош. Эч кандай бурмалоо болгон эмес деп расмий түрдө айта алам.
Башкы прокуратурага кайрыла тургандыгы жөнүндө Клара Сооронкулова «24.kg» МА маалымдаган.
Зулайка Эркимбаева
Фото www