Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нурбек Токтакунов: Cот башкы прокуратуранын Матраимовдорго карата калкалоосун мыйзамдаштырып коюшу мүмкүн

Бүгүн юристтин кайрылуусу сотто каралат

Бүгүн Бишкектин Октябрь райондук сотунда юрист Нурбек Токтакуновдун башкы прокуратурага кашы кайрылуусу каралат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү маалымдады.

Укук коргоочунун айтымында, эгерде сот башкы көзөмөл органынын пайдасына чечим чыгарса, анда коомчулукта «бардык укуктун каражаттар» түгөнөт..

- Сот алардын [башкы прокуратуранын] Матраимовдордун үй-бүлөсүнө карата калкалоосун мыйзамдаштырышы мүмкүн,- деди Токтакунов. - Бул биз бардык укуктук каражаттарыбызды толугу менен түгөткөнүбүздү жана бийликке коомдук-саясий чаралар менен таасир кылуугу моралдык, ошондой эле юридикалык укугубуз бар экенин түшүндүрөт.

Бирок, юрист сот адилет чечим деле чыгарышы мүмкүндүгүнө ишенет.

- Бирок, сот өлкөнү башкарып жаткан топтун туруксуздугун эске алып, мыйзамдуу чечим чыгарат деген үмүт дайыма бар, - деп белгиледи ал. - Мындай деле болгон.

Токтакунов мыйзамга ылайык, ММКда жана соцтармактарда жарыяланган иликтөөлөр боюнча тергөөчү сотко чейинки өндүрүш баштап, андан кийин сотко өткөрүүгө керектүү фактыларды чогултуп же болбосо, ошондой эле факт жүзүндө ишенимдүү түрдө кылмыш курамынын жоктугун далилдеши керек дейт.

-Бүгүн болсо бизде тажрыйба кандай - тергөөчү иштин толук жана ар тараптуу иликтенбегенине шылтап тергөөчү сотко чейинки өндүрүш баштабайт, - деп белгиледи Токтакунов. - Бирок, журналисттер менен жарандык активисттерде укук коргоо органдарындай маалымат издөөгө мүмкүнчүлүктөрү жок да.

Эске салсак, 9-декабрда Нурбек Токтакунов Райымбек Матраимовдун расмий кирешелеринен ашкан финансылык абалынын чоо-жайын иликтөө өтүнүчү менен башкы прокуратурага кайрылган.

Кайрылууда ал Матраимовду коррупция, мыйзамсыз баюу, кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу жана салык төлөөдөн качуу боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартууну суранган.

Бир нече күндөн кийин башкы прокуратура юристтин арызы каттоо жана маалымат автоматташтырылган маалымат базасына катталганын маалымдаган. Эртеси ал УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына жиберилген.

- Буга байланыштуу мен башкы прокуратурага мыйзамсыз баюу боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштоо талабы менен кайрылдым. Буга жооп кылып, башкы прокуратура сотко чейинки өндүрүш баштабай туруп, арызды өлкөдөн чыгарылып кеткен 700 млн доллар боюнча кылмыш ишинин алкагында текшерүү үчүн УКМКга кайра жөнөтүп коюптур. Бул Матраимовдордун мыйзамсыз байыгандыгын толук кандуу тергелип жатканын көрсөтүү максатындагы бюрократиялык амал жөн эле.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх