Кубанычбек Кулматов соттун залынан бошотулду
Бишкектин башка экс-мэри Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылды
Ленин райондук соту Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовду соттун залынан бошотту. Сотко төрагалык кылган судья Кубанычбек Касымбеков ушундай өкүм чыгарды.
Кулматов «Калыс-Ордо»тжаңы конушундагы 2 миллион долларга салынган мектепти куруудагы коррупция боюнча айыпталып жаткан.
Борбор калаанын башка мурдагы мэри Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылды. Ал «Солнечный берег» пансионатын төмөндөтүлгөн баада сатуу, «ТНК Дастанга» атайын буюмдарды жогорулатылган баада сатып алуу жана муниципалдык жер аянттарын берүүдө коррупцияга жол берилгени боюнча бир нече кылмыш иштери боюнча айыпталган.
Гулиза Чудубаева
Фото www