Эркиндикке чыккан Кубанычбек Кулматов соттун өкүмүнө нааразы
Бишкектин мурдагы мэри өкүмдү абсурд деп атап, доо арыз менен кайрылмакчы
Эркиндикке чыккан Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматов анын иши бонча соттун өкүмүн абсурддук деп атады. Бул тууралуу ал өкүм чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирген.
- Мен баары бир күнөөлүү деп эсептелинип калдым, - деген Кулматов. - Мен чечимге нааразымын. Бул соттун абсурддуу өкүмү. Мындай чечим болот деп күткөн эмесмин.
Ал өкүмгө каршы доо арыз менен кайрыларын убадалады.
Эске салсак, Ленин райондук соту Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовду соттун залынан бошоткон. Муну менен бирге ал 5 млн сом айып пулга жыгылган.
Кулматов «Калыс-Ордо» жаңы конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда коррупцияга барган» деп айыпталып жаткан.
Гулиза Чудубаева
Фото www