Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кулматовду коомчулуктагы чыңалууну азайтуу үчүн бошотуштубу?

Бишкектин экс-мэрине карата күтүүсүз ырайымдуу өкүмдүн чыгарылышы коомчулукта бийликке карата оң пикир жаратууга багытталган деген пикир бар

Сот Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматовду, кыязы, элдин нааразычылыгын азайтуу үчүн эркиндикке чыгарды. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына ЖК депутат Ирина Карамушкина бөлүштү.

- Бишкекте эки митинг биринин артынан бири өттү, башкы себеп - коомдо айтылуу коррупцияга каршы күрөш абдан тандалма түрдө жүрүп жатат, - деп белгиледи ал. - Алгач дагы деле күнөөсүн далилдей албай жатышкан көп кишини камап коюшту, ошол эле маалда жемкорлукка чыныгы тиешеси барлар эркиндикте жүрүшөт. Анын үстүнө бийликке каршы бир нерсе айтууга дити баргандарга көрсөтүлүп жаткан кысым да элдин кыжырына тийүүдө. Анткени, митингден кийин акциянын катышуучуларына аңдуу болуп жатканы тууралуу билдирүүлөр болгон эле, эми болсо Ширин Айтматованын күйөөсүн камап коюшту.

Ирина Юрьевна Кулматовго жумшак өкүмдүн чыгарылышына жарандык коомдун пикиринин таасири чоң болгонун кошумчалады.

- Албетте, бийлик элдин нааразычылыгы күчөп жатканнын жакшы билет, - деди эл өкүлү. Алмазбек Шаршенович, бирок, буга чейин деле Кулматов күнөөсүз экенин жана анын күнөөсүн далилдей алышпасын айтып келген. Албек Ибраимов боюнча бизде мынчалык ишеним жок болчу. Мүмкүн ал жерде чындыгында эле мыйзам бузуулар болгондур. Бирок, 15 жылга эркинен ажыраткыдай экенине көзүм жетпейт. Жактоочулар жакшылап ишин улантышы керек.

Өз кезегинде саясат таануучу Марат Казакпаев дагы Кулматовго чыгарылган өкүм коомдук пикирди түзүүгө бакытталганын белгиледи.

- Сот биздин өлкөдө байма-бай кезиккен тандалма чечим чыгарып койду, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Андыктан, биз баарыбыз эмнеге мындай болуп жатканы жөнүндө ойлонушубуз керек. Айыппул жаза эмес экени түшүнүктүү да. Кулматов колунда бар киши, ал аны оңой эле төлөп коёт. Муну коррупцияга каршы күрөш деп айтуу кыйын. Бирок, бизде 10 жылга кесилген адам бир жылдан кийин эле эркиндикке чыгып калышы толук мүмкүн.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg Бишкектин эки мурдагы мэри фигурант болгон борбор калаанын жаңы конуштарынын бириндеги мектептин курулушунда жемкорлукка жол берилгени боюнча кылмыш иши аяктап, сот чечим чыгарганын билдирген. Албек Ибраимов күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган, Кулматов дагы күнөлүү деп табылып, бирок, 5 млн сом айыппулга жыгылган. Ал соттун залынан бошотулган.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх