Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кулматовдун жактоочусу бийлик менен сүйлөшүү болбогонун айтты

Сергей Слесарев соттун өкүмү менен макул эместигин билдирди

Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесарев эркиндикке чыккан баш калаанын башчысы бийлик менен макулдашууга барган деген версияны төгүндөдү.
Юристтин айтымында Кулматовдун бошотулушунун өзү жакшы жышаан.

- Сот аны күнөөлүү деп таап койду жана мен муну менен макул эмесмин, - деди ал Vesti.kg сайтына берген маегинде. - Биз кылмыш курамы жоктугун жана жемкорлук болбогонун далилдеп, аны актоону өтүнгөнбүз. Биз далилдерди көрсөткөнбүз, бирок, сот ушундай өкүм чыгарып койду.

Социалдык тармактарда айрым колдонуучулар Кулматов эркиндикке чыгыш үчүн бийлик менен макулдашууга барганын божомолдошкон. Слесарев буга «социалдык тармактарда эмнени гана жазышпайт» деп жооп кайтарды.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх