Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

10 эл өкүлү кесиптеши Махабат Мавляновага арызданып, ЖКнын төрагасына кайрылышканбы (фото)

Парламент мүчөсү Сайдолимжон Жураев арызга өзү кол койбогонун, анын ордуна ким автограф коюп койгонун билбей жатканын айтты

ЖКнын Транспорт, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Сайдолимжон Жураев Махабат Мавлянованы аталган профилдик комитеттин башчысы кызматынан алуу боюнча арызга кол койбогонун билдирди.

Vesti.kg сайтына берген маегинде эл өкүлү ал маалда иш сапарында болгонун жана анын фамилиясынын алдына ким кол койгонун билбей жатканын түшүндүрдү.

- Бизде аны менен пикир келишпестиктер жок, - деп баса белгиледи Жураев. - Бүгүн комитеттин жыйыны болмок, бирок, аны токтотуп коюшту. Бул кат кантип соц тармактар менен ММКда тарап кетти билбейм. Мен, бирок, ага кол койгон эмесмин. Биздин комиссиянын төрагалагынан Махабат Мавлянованы түшүрүү боюнча болсо, алгач бул маселени комитетте көтөрүп чыгуу керек, ар бир депутат өз оюн айтат ал жерден. Андан кийин фракция палатага чыгарат. Менимче, бирок, ага жетпейт жана кийинки чогулушта бардыгы оң жагына чечилет.

Буга чейин ММКларда Жогорку Кеңештин төрагасына даректелген жана он депутаттын колу коюлган кат тараган.

Документте Махабат Мавлянованы Транспорт, архитектура жана курулуш комитетинин төрагалыгынан өз милдеттерин жетиштүү деңгээлде аткара албай жатканына жана чечимдерди өз алдынча кабыл алганына байланыштуу алып салуу керектиги жазылган..

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх