Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутаттар Дастан Жумабековду ЖКнын төрагалыгынан алуу маселесин талкуулаша элек

Исхак Масалиев расмий кат анын фракциясынын лидеринде экенин белгиледи

«Өнүгүү-прогресс» парламенттик фракциясынын депутаттары алардын кесиптеши Исхак Масалиевдин Дастан Жумабековду спикерликтен алуу боюнча кайрылуусун караша элек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Масалиев өзү айтып берди.

- Мен фракциянын лидерине расмий кат жөнөткөм, бирок, бул маселе качан каралары мага белгисиз, -деп белгиледи ал. Айтор, жакынкы жыйындын күн тартибине бул маселе кошулбаганын айта алам.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg депутат Исхак Масалиев фракциянын кароосуна Дастан Жумабековду ЖКнын төрагалыгынан алуу боюнча сунуш киргизгенин жазган.

- Менимче, Жумабеков өз милдеттерин аткара албай жатат жана төраганы алмаштыруу убактысы келди, - деп тактады ал. - Жогорку Кеңеш көзөмөл функциясын аткарышы керектигине карабастан, спикер аткаруучу бийликтин жактоочусу боло берет. Ал эми Дастан Артисбековичтин акыркы сүйлөгөн сөздөрү бизди такыр эле шылдың кылды.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх