Жээнбеков Атамбаев жөнүндө сөз козголгондо жүрөгү ооруп чыгарын жашырган жок
Президенттин айтымында ал акырына чейин Атамбаев эсине келип, жүрүм-турумун оңдойт деп ишенген
Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаевдин камалышы боюнча дагы өз пикирин билдирди. Анын айтымында ал мурдагы санаалашынын тагдырына кайдыгер карабайт.
-Биз санаалаш болчубуз, эң кыйын жылдары чогуу болдук, - деди президент. - 2010-жылы биз коомчулук кабыл албаган режимге каршы чогуу күрөштүк. Мен президент болгондо ага каршы бир дагы сөз сүйлөгөн жокмун. Ал эмне гана деген жок, мен унчукпадым, анткени, Кыргызстандын биримдиги мага маанилүүрөөк болчу. Мен ага көңүл бурган жокмун. Ал мамлекетти экиге бөлгөнгө аракет кылды. Мен ал токтойт деп күттүм, бирок, ал өлкөнү аңга туңгуюкка түртө жаздады.
Жээнбеков, ошондой эле бул тема козголгондо анын жүрөгү сыздаарын жашырган жок.
Гулиза Чудубаева
Фото www