Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«АКШнын элчилигине барып келгенден кийин Текебаевдин риторикасы мурдагыдан радикалдуу мүнөзгө ээ боло баштады»

Шыкмаматов Текебаев менен пикир келишпестикти шылтоо кылып, келерки шайлоого башка партия менен барган жатат деген пикир бар

Алмамбет Шыкмаматовдун «Ата Мекен» партиясынан кетиши саясий бирикме үчүн чоң сокку. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына саясат таануучу Марс Сариев бөлүштү.

- Акыркы мезгилде Өмүрбек Текебаевдин позициясы абдан өзгөрдү - ал кескин түрдө радикалдык риторикага өттү, - деп белгиледи Сариев. Текебаев президентти АКШнын элчилигине барып келгенден кийин сындап баштагы - таң калычтуу. Ага чейинки тегерек үстөлдөрдө экс-депутат алда канча жумшак позицияга ээ эле.

Марс Осмонкулович депутат Дастан Бекешевдин 2020-жылы Конституцияга өзгөрүүлөр кириши мүмкүн деген билдирүүсүн эске салды.

- Кыязы, Текебаев дагы мындай болушу мүмкүндүгүн шекшип жатат, - деп божомолдоду эксперт. - Башка саясат таануучулар буга чейин эле бийлик парламенттик шайлоолорду өткөрүү үчүн күзгө чейин күтөөрү күмөн санатарын айтып келишкен. Анткени, ага чейин протесттик маанай күчөгөндөн күчөй берет да. Демек, парламенттин жазында мөөнөткө чейин таркашы толук мүмкүн. Мындай учурда Текебаев соттон улам шайлоого бара албай калат. Бул процесстердин бардыгы Сооронбай Жээнбековдун Санкт-Петербургга болгон иш сапарынан кийин тездей баштады. Кыязы, президент коомдогу туруксуздандыруу жөнүндө маалымат алган. эми ал ашып кетүү үчүн иштей баштады. «Ата Мекендеги» ыдыроонун себели ушул го, менимче. Текебаев америкалыктардын колдоосун алып, буга каршы чыккан анын тарапташтары партиядан чыгып кеткен болушу толук мүмкүн. Текебаевдин саясатчы катары аракеттерин илгертеден эле алдын ала айтуу мүмкүн эмес эле.

Өз кезегинде башка саясат таануучу Кубат Султанбеков дагы «Ата Мекенден» бир нече маанилүү фигуралардын кетиши Өмүрбек Текебаевге чоң көйгөй жаратарынан шек санабайт.

- Алмамбет Шыкмаматов элдин көзүндө жүргөн белгилүү депутат болчу, анын кетиши сезилбей койбойт, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Эгерде, келе жаткан шайлоолорго чейин Текебаев реабилитация боло албаса, анда «Ата Мекендин» эртеңи бүдөмүк. Мурдагы шайлоодо деле Өмүрбек Текебаевдин партиясы парламентке араң илинбеди беле. Ал эми 9 пайыздык босого чек менен өтө деле албайт го.

Муну менен бирге Кубат Чирекчиевич Алмамбет Шыкмаматов Текебаев менен пикир келишпестигин шылтоо кылып, башка партияга өтүп кетиши мүмкүндүгүн да божомолдоду.

- Бул депутаттык мөөнөттүн аягына чыгарына аз эле убакыт калды, - деп эске салды ал. - Мүмкүн Шыкмаматов жөн гана кийинки шайлоого даярданайын деп чечти.

Эске салсак, бүгүн «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов депутаттык мандатын тапшырды. Анын айтымында ал депутаттыктан Өмүрбек Текебаев менен пикир келишпестиктен улам кетейин деп чечкен.

«Мен үчүн намыс мандаттан өйдө турат», - ден ал журналисттер менен болгон маегинде.

Аны менен бирге «Ата Мекен» партиясынан дагы төрт киши чыгып кеткен: Ташполот Балтабаев, Болот Шер, Рысбек Мирзаматов жана Талант Узакбаев.

Шыкмаматовдун мандатын БШК Нурлан Сыдыгалиевге өткөрүп берди.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх