Айсулуу Мамашова: Шыкмаматов менен Текебаев сүйлөшүүгө барат деп ишенем
Айсулуу Мамашова Алмамбет Шыкмаматов менен Өмүрбек Текебаевдин ортосундагы пикир келишпестик чечилет деп ишенет
«Ата Мекен» парламенттик фракциясынын жаңы лидери Айсулуу Мамашова Алмамбет Шыкмаматов менен Өмүрбек Текебаев сүйлөшүүлөргө барып, компромисске келет деп ишенет. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү маалымдады.
Эл өкүлүнүн айтымында эки саясатчы дайыма достук мамиледе болуп келишкен.
- Өмүрбек Чиркешович менен Алмамбет Насырканович сүйлөшүүгө барса, пикир келишпестик токтойт деп ойлойм, - деди Мамашова. - Алар канча жыл бирге иштеп, көптү баштарынан чогуу өткөрүшкөн. Алар бири-бирине кандай мамиледе экенин мен жашы билем, достук мамиледе болушчу.
Ал дагы деле «шок абалында» экенин, анткени, «Ата Мекен» фракциясынын лидери болорун күтпөгөнүн айтты.
Мен дагы эле таң калып жатам, - деп белгиледи депутат. - Мен добуш берүүгө өз талапкерлигимди койгон эмесмин. Бардыгы фракциянын мүчөлөрүнүн бир добушу менен чечилип калды.
Эске салсак, бүгүн, 27-декабрда «Ата Мекен» фракциясынын экс-лидери өз мандатын тапшырып, Өмүрбек Текебаев менен пикир келишпестиктен улам партиянын тизмесинен чыгып кетти.
Эльдос Казыбеков
Фото wwww