Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Үмүт 2020» бийликтин кысымына карабастан артка чегинбейбиз дешүүдө

Алар Ширин Айтматованын Интернетке көп чыкпай калганына майрамдык күндөр себеп болгонун такташты

«Үмүт 2020» саясий кыймылы өз ишмердүүлүгүн улантып, иликтөөлөрдү чыгарып турат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына кыймылдын өкүлү Нурсултан Акылбек билдирди.

- Биз ишибизди улантып жатабыз, - деп ал ишенимдүү айтты. - Жакынкы арада активисттер менен жолугушуу уюштуруп, жаңы иликтөөлөрдү чыгармакчыбыз. Бийликтин кысымы бизди сындырбайт.

Акылбектин айтымында, «Үмүт 2020нын» лидери, ЖКнын экс-депутаты Ширин Айтматованын Твиттерге көп чыкпай калганына майрамдык күндөр себеп.

Кызыктуусу, 2019-жылдын 27-декабрында Айтматова өз баракчасына «күйөөмдү сабаганды токтотсоңор, твиттерге эч нерсе жазбайм» деп жазган эле. Бир нече сааттан кийин анын твиттер-аккаунту өчүрүлүп, бирок, бир нече убакыттан соң кайра иштеп калган.

Кийинчерээк Vesti.kg Айтматованын жолдошунан кабар алып келген Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун директору Нурдин Сулаймановго бул жагдай боюнча кайрылган. Сулайманов Сырга Кенжебаев кармалуу шарттарына дооматы жок экенин жана ага карата күч колдонулбаганын билдирген.

Соцтармактардын айрым колдонуучулары Айтматова бийликтин кысымынан улам интернетте активдүү болбой калганын божомолдошкон. Экс-депутат 13 күндөн соң гана, бүгүн Твиттерге кайра кире баштаган.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх