Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Курманбек Осмонов: Аскар Акаевдин юбилейинде менден башка легендарлуу парламенттин депутаттары дагы болду, бирок, аттарын атабай эле коеюн (фото)

 Москвада Кыргызстандын туңгуч президентинин 75 жашы белгиленди

Москва шаарында Зураба Церетели атындагы искусство галереясында Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевдин юбилейлик кечеси болуп өттү. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Жогорку Соттун экс-төрагасы Курманбек Осмонов билдирди.

Анын айтымында кечеге аны Аскар Акаевич өзү чакырган.

-Ал мени беш жыл мурда 70 жашына да чакырган, бул ирет дагы чакыруу алдым, - деп тактады Осмонов. – Биз бири-бирибизди сыйлайбыз, тарапташпыз. Качандыр бир кезде чогуу иштешкенбиз. Бизди бириктирген кандайдыр-бир жеке мамилебиз деле жок. Ортобузда болгону жакшы сый мамиле бар.  Салтанатка анын жакын достору, белгилүү илимпоздор жана маданият ишмерлери катышты.

Курманбек Эргешович иш-чарага Кыргызстандан башка дагы белгилүү саясатчылар барганын кошумчалап, бирок, алардын аттарын атагысы келген жок.

-Ал жерде катышкандардын аттарын атабай эле коеюн, бирок, легендарлуу парламенттин депутаттары чакырылганын белгилей алам, -деди Осмонов.

фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх