Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Зеленскийдин ийгилигинен шыктанган Нурлан Мотуев кайра бийликке умтулууда

Мурдагы «көмүр ханы» кезектеги жолу Кыргызстандын президенти аталууга аракет салат

КРнын ЖКнин «Террористтик ишмердикке ачык үгүттөө» жана «улут, расалык, диний же аймак аралык кастыкты козутуу» беренелери боюнча соттолгон мурдагы «көмүр ханы» Нурлан Мотуев кайрадан президенттик шайлоого аттанмакчы. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү маалымдады.

- Ага чейин менин мөөнөтүм толугу менен аягына чыгат жана мен президенттик шайлоого толук кандуу катыша алам, - деп билдирди Мотуев. - Туура бир жыл мурда Украинада шоумен Владимир Зеленский жеңишке жетти. Менин андан эмнем кем экен? Азыр эл бүтүндөй постсоветтик чөлкөмдө 60га чыгышкан мурдагы партократтардан тажап, жаңы, креативдүү лидерлерди талап кылууда. Мен бул хайпка сопсонун эле жарашам деп ишенем.

Эске салсак, Нурлан Мотуев 2016-жылы күнөөлүү деп табылып, 7 жылга жатак-абакта эркинен ажыратылган.

2017-жылы Мотуев режимди бузуп, жатак-абакка келип белгиленбей калганы үчүн Бишкектин Биринчи май райондук соту аны №27- түзөтүү колониясына которгон.

Бир жыл мурда «көмүр ханы» кайрадан жатак-абакка которулган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх