Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кайрадан санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүү. «Жээнбеков убадасын аткарганга аракет кылып жатат»

 Кыргызстанда ушуну менен үчүнчү жыл бир эле ураандын астында өтмөй болуп жатканы президенттик аппаратта оригиналдуулуктун жоктугун түшүндүрөт деген пикирлер пайда болууда

Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүү бир эле жылдын максаты болушу мүмкүн эмес, анын үстүнөн тынымсыз иштеп туруу зарыл. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына саясат таануучу, профессор Айнура Арзыматова бөлүштү.

- Биздин өлкөдө бир жыл ичинде аймактардагы жашоону жакшыртуу дегеле мүмкүн эмес, бул үчүн саясий эрк да, кадрдык потенциал дагы жок, - деп эсептейт ал. - Кыргызстанда билимге, жумуш орундарына жана ден-соолукка байланыштуу камкордукка муктаж адамдардын басымдуу көпчүлүгү айыл жергесинде жашайт. Облустарды өнүктүрүү маселесинин үстүндө дайыма иштөө керек - бул ар дайым мамлекеттин максаты болушу керек. Ал эми өлкө башчысы бул жылы аймактарды өнүктүрүү жылы болуп дегени өтө эле асбтракттуу тема. Эмне-эмнелер жасалат - конкреттүү сөздөр жок.

Муну менен бирге Айнура Атыгаевна жаңы жылда иш алынып бара турган тармакты тандоодо локалдуураак теманы белгилөөгө болот эле деп кошумчалады.

- Президент бир облусту толук түрдө суу менен камсыз кылабыз деп деле убадаласа болот эле да, мындай убаданы ишке ашырууга болот, - деп ал мисал келтирди. - XXI кылымда жарандар арыктардан суу алып ичип жатканын элестетүүнүн өзү коркунучтуу да, болбосо.

Эске салсак, буга чейин Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарга арналган өзүнүн жаңы жылдык кайрылуусунда 2020-жылды Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптешитрүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялады. Белгилей кетсек, өтүп кеткен жыл аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү ураанынын астында өткөн, ал эми 2018-жыл болсо жөн гана Аймактарды өнүктүрүү жылы болгон эле.

Өз кезегинде башка саясат таануучу Марат Казакпаев үчүнчү жыл катары менен Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланып жатканы президенттик аппаратта оригиналдуулуктун жоктугун түшүндүрөт деген пикирде.

- Албетте, аймактарды өнүктүрүү бул ар дайым көңүл бурууну талап кылган көйгөй, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Бирок, Сооронбай Жээнбековдун аймактар тууралуу ар дайым сөз кылган «амалы» бар экенин баары эле байкаса керек. Муну түшүнүүгө болот, анткени, биздин өлкөнүн облустарындагы элдин жашоосун жакшыртуу үчүн чындыгында эле көп иш алып баруу зарыл. Болгону эки жылдын ичинде алдыга коюлган тапшырманы аткаруу колдон келбей калганы көрүнүп турган соң бул тууралуу мынчалык пафос менен сүйлөөнүн эмне кереги бар эле.

Марат Сайнидинович бийлик негизи эле ар бир жаңы жылга ат берүү тажрыйбасын таштаса болмок деген ойдо.

- Бул Акаевдин маалынан бери келе жатат, бирок, мындайды таштап жөн гана иш менен алпурушуу керек, - деп эсептейт ал. - Антпесе, биздин президенттик аппаратта эч кандай оригиналдуулук жок. Жөн гана мурдагы атка «санариптештирүү» сыяктуу орчундуу сөздөрдү кошуп коюп тим болуп жатышат.

Ал эми дагы бир саясат таануучу, философ Бакыт Бакетаев Vesti.kg сайтына берген маегинде Сооронбай Жээнбековдин башкаруусундагы үчүнчү жыл катары менен аймактарды өнүктүрүүнүн ураанын алдында өтүп жатканында эч кандай терс көрүнүш жок экенин белгиледи.

- Өлкөдөгү жарандарга жакшы жашоо түзүп берүүгө алты жыл дагы жетишсиз, анткени, облустарда абал чынында оор. - Анын үстүнө Сооронбай Шарипович шайлоо алдындагы үгүт маалында эле аймактарды өнүктүрүү менен тыгыз алектенерин айткан. Азыр ал болгону убадасын аткарайын деп аракеттенип жатат.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх