Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы: Шаардыктардын жерлери алынбайт

Активисттер муниципалитеттин өкүлдөрүнө ишенишпейт

Бишкектин Деталдуу пландаштыруу планы (ДПП) кабыл алынгандан кийин шаардыктардын жерлерин эч ким тартып албайт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.

"Бишкек мэриясы шаардыктардын кызыкчылыктарынын негизинде гана иш алып барат, социалдык тармактардагы ар кандай чагымчыл аракеттерга алдырбаңыздар, сураныч", - деп жазылган билдирүүдө.

Муниципалитетте долбоор шаардыктар менен талкууланып, өкмөт, Жогорку Кеңеш, шаардык кызматтар, коомдук уюмдар, КРнын Архитекторлор кеңеши, мекеме аралык комиссия жана Бишкек шаардык кеңеши тарабынан колдоого алынганын айтышууда.

"Көңүл буруңуздар! ДПП шаардыктардын жер тилкелерин алууну караштырбайт жана буга чейин курулган объектилерди мыйзамдаштырбайт, - деп белгилешет алар. - Шаардыктарды мүлкүн сатууга мажбур кылып же буга кысым жасоого, ДППга таянып аларды күч менен алууга эч кимдин укугу жок".


«Жашылдар» партиясынын мүчөсү жана активист активист Александр Толмачев мэриянын сөздөрүнө ынанбайт.

- Элдердин жерлерин буга чейин деле тартып алгылары келген, - деп белгиледи ал Vesti.kg сайтына. - Мисалы, Бишкектеги Линейная көчөсүндө. Ал жерде мейманкана иштейт, бирок, жерин тартып алуу аракеттери болгон. Жер 1965-жылы берилген, ал эми «Шаардык парктардын» директору Калича Умуралиева бул жеке менчик эмес экенин, аны мыйзамсыз алышканын жазып жатат.

Толмачев жана башка активисттердин айтымында коомдук угуулар бардык суроолор боюнча эмес жана өтө аз кишилердин чакыруусунда өткөн.

"Угуулар Ленин районунда өткөндө, ал жерге үч домком-чоң апаларды чакырышыптыр, алар «коомдук» угууларга эмес, 8-Мартка карата куттуктоо үчүн чакырышты деп ойлоп келишкен, - деп бөлүштү Ольга Бурыма. - Кийин Свердлов районуна дагы бир нече домком «өздөрүнүн» кишилерин алып барышкан, Биринчи май районуна кичине көбүрөөк киши келген, бирок, муну коомдук угуулар деп атай албайсың".

2019-жылдын 25-декабрында Бишкек шаардык кеңешинен XXVIII сессиясында депутаттар Бишкектин борбордук бөлүгүнүн деталдуу пландаштыруу планыш кабыл алышкан.
ДПП техникалык документ болуп эсептелет жана курулуштар менен имараттарды долбоорлоодогу негизги талаптарды бекитет (жыштык, функционалдык багыты, жөндөө линиялары, транспорт жана инженердин инфраструктура). Ал квартал жана аймактардын долбоорлорун иштеп чыгуудагы, долбоорлоого архитектуралык-пландаштыруу шарттарын берүүдө негизги документ болуп саналат.

Мэрия деталдуу пландаштыруунун долбоору Мамлекеттик шааркурулушу жана архитектура долбоорлоо институту тарабынан Бишкектин 2025-жылга чейинки Башкы планынын негизинде, Бишкек мэриясынын 2015-жылкы тапшырмасына ылайык иштелип чыкканын эске салды.

Ольга Федорчук
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх