Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Бекешев: ИИМ ММКларга жасалган DDoS-чабуулдарды иликтебейт

Мекемеде мындай кылмыштарды иликтей турган атайын бөлүм жок имиш

ИИМ МБКнын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жубайы - УУлкан (Аманда) Тургунованын кымбат баалуу асем жасалгалары жана кийимдеринин баалары тууралуу иликтөөнү жарыялангандан кийин бир катар ММКларга жасалган DDoS-чабуулдар боюнча иликтөө жүргүзбөйт. Бул тууралуу Фейсбук социалдык тармагында ЖК депутаты Дастан Бекешев жазып чыкты. Ал буга чейин укук коргоо органдарына аталган фактыны иликтеп бергиле деп суранып кайрылган эле.

«Журналисттер Кыргызстандагы бир белгилүү үй-бүлө тууралуу иликтөө жүргүзүштү. Иликтө Factcheck.kg сайтында жарыяланган. Эки сааттан соң DDoS-атакалар башталды. Иликтөөнү өздөрүнө көчүрүп жарыялаган сайттарга дагы DDoS-чабуулдар болду. Биздин жазык кодексибизде DDoS-атакалар кылмыш болуп эсептелет, 304-306-беренелер.

ИИМ Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темиров тарабынан арыз түшпөгөнүнө байланыштуу министрлик иликтөөнү баштай албасын маалымдады», - деп жазган Бекешев.

Парламент мүчөсү ошондой эле ИИМде мындай кылмыштарды иликтей турган атайын бөлүм жок экенин дагы кошумчалаган.
«Ал эми Кыргыз Республикасынын Маалымат технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети мындай кылмыштар алардын компетенциясына кирбесин айтууда», - деп сөзүн жыйынтыктаган эл өкүлү.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх