Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Журналисттин Шыкмаматов тууралуу суроосу Текебаевди ачуулантып жиберди (видео)

Ал Шыкмаматовду «Ата Мекендин» лидери болуусун суранып, «социалисттерди» парламентке алып келүүсүн суранганын айтып берди

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбека Текебаевди мурдагы депутат Алмамбет Шыкмаматовдун «социалисттердин» катарынан чыгышы тууралуу берген суроосу кыжырдантып жиберди.

Эске салсак, 27-декабрда Шыкмаматов «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын лидерлигинен жана партиядан кетерин жарыялаган эле. Текебаев муну Алмамбек Шыкмаматов менен Нурбек Сыдыгалиев өз ара ар бири 2, 5 жылдан депутат болорун сүйлөшүп алгандыгы менен түшүндүргөн эле. Бирок, кийинки күнү Нурбек Сыдыгалиев бир катар ММКларга мандат боюнча эч кандай макулдашуулар болбогонун айтып чыккан.

Текебаев өз кезегинде Сыдыгалиевдин сөздөрү калп экенин билдирген.
«Сен мени Нурбектин деңгээлине түшүргүң келип жатат. Макул, мен түшүп жооп берейин. Сен катчылыкка барып, ал жердеги балдардан сура - алар сага бул чындык экенин айтышат. Мага муну ойлоп чыгуунун эмне кажети бар эле? Талант Узакбаев сага алар кантип кол топтогонун ырастабадыбы. Жигит алдабаш керек. Эгерде Шыкмаматовдун кетишинин себеби башкада болсо, мен ал жөнүндө айтмакмын. Өз шакиртимден көңүлүм калды демекмин. Мен, бул жөнүндө айткан жокмун да. Тескерисинче, мен ага лидердин ролун бердим», - деген Текебаев.

Мындан сырткары, ал Шыкмаматовдон партиянын лидери болуусун суранганы жөнүндө дагы айтып берген.

«Акыркы жолу биз менин туулган күнүмдө сүйлөшкөнбүз. Мен ага күбөлөрдүн көзүнчө мен түрмөгө отуруп калышым мүмкүн экенин жана партиянын жалгыз лидери ал болорун айттым. Мен андан партияны парламентке алып келүүнү, команда топтоп, тизме түзүүнү сурангам. Алар эми муну дагы четке кагышабы?», - деп кыжырданып кеткен Өмүрбек Чиркешович.

Журналист эмнеге «Ата Мекен» партиясында депутаттык кресло үчүн соодалашып жатышканын сураган. Буга Текебаевдин ачуусу келип: «Ким соодалашыптыр? Жооп бер! Тилиңди жутуп алдыңбы? Мындайларга биздин партияда орун жок» деп кыжырдана жооп кайтарган.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх