Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Туйгунаалы Абдраимов: Фарид Ниязовдун дайындалышынан кийин эки достун ыйкы-тыйкысы башталды

Чүй облусунун экс-башчысы Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги президентикке кандайча талкууланганын, эки жүздүү депутаттар жана божомолдонуп жаткан өкмөттүн отставкасы тууралуу айтып берди

Журналист кыз менен байланышкан окуядан кийин көпкө эл оозунан кетпеген Чүй облусунун экс-башчысы Туйгунаалы Абдраимов Aryba.kg cайтына маек берди.

Мурдагы аткаминер мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен анын мураскери Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы кагылышка алардын жанында жүргөн адамдарды күнөөлүү деген.

«Биз 1995-жылы эл өкүлдөрү жыйына депутаттыкка шайланып келгенде дос болгонбуз. Мени өзүңөр билесиңер, Акаев менен да иштештим, Бакиев менен деле, Атамбаев менен дагы иштештим. Кайсы жетекчи болбосун жанында жүргөн адамдардын таасири болот экен. Бул жерден балээнин баарын Фарид баштады да. 2017-жылы жайдын башында Фарид жолугушууну суранып калды. Экөөбүз сүйлөштүк. “КСДПнын курултайында Сооронбай Шариповичти президенттикке көрсөткөнү жатабыз, сиздин оюңуз кандай?” дегендей сөз болду. Ошондо мен: “Чындыгында азыр эң шансы жакшы, өтө турган талапкер Сооронбай Шарипович. Бирок, силер Кой-Ташта отуруп алып башкарууну ойлобогула, токтоткула” дедим. Себеби, ал идея Фаридден чыгып жүргөнүн билем да. “Бийлик бөлүнбөйт, бийлик үчүн бала атасын, ата баласын өлтүргөн” дедим. Шайлоо өткөн соң Фарид аппарат башчылыгына отуруп алды, мага жаккан эмес, экөөнүн ортосунда ыйкы-тыйкы ошондо башталды», - дейт Абдраимов.

Өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү, мындан сырткары, Атамбаев менен Жээнбеков экөөндө тең, ошондой эле эки досту элдештире албаган Абдраимовдун өзүндө дагы айып бар экенин кошумчалаган.

« Бир жагынан президентти деле түшүнсө болот да, аны коркутуп, “Акүйдү басып алам, элди чогултам” деп атса... Элдин баары Ак үйгө келип, кан төгүлгөнчө унчукпай отурушу керекпи? Албетте, алдын алып, экс-президентти камады. Бирок, жанагы спецоперациясы аябай дайыны жок болуп калды. Күч органдары тарабынан сабатсыздык болду, көп адамдар жабыркап калышты. Жабыркагандар ооруканага барса камап башташты. Элди күч органдары “коркутуп башкарабыз” деп атышат. Элди коркута албайсың. Элге туура түшүндүрүп, болгонун болгондой айтып, калыстык менен башкарсак гана Кыргызстанда стабилдүүлүк болот», - деп белгилеген Абдраимов.

Анын айтымында президент менен парламент Кой-Таштагы окуялар боюнча укук коргоо органдарынын жоопкерчилигин карап чыгышы керек.

«Ал жерде жабыркап калгандардын арасында өтө нааразы адамдар көп. Жазында ал кандайдыр бир дестабилизацияга алып келиши мүмкүн. Бирок, биз жаштарга акыл-насаатыбызды айталы, дүйнөдө геосаясый абал кандай болуп жатканын баары түшүнүүсү керек. Бизде дагы Ливиядагыдай, Сириядагыдай чатак чыгып кетишине аракет кылган күчтөр бар. Ошон үчүн бийлик дагы, эл дагы сабырдуулук кылып, бул абалдан чыр-чатаксыз чыгуунун жолун издейли», - деп эсептейт мурдагы аткаминер.

Мындан сырткары, ал Кыргызстандагы саясий абалдын курчушуна айрым өкмөттүк эмес уюмдар күнөөлүү деген эксперттердин оюна дагы кошуларын билдирген.

«Тышкы күчтөр бейөкмөт уюмдарды, элдин арасындагы нааразычылыкты пайдаланып, жазында кандайдыр бир туруксуздукка алып келүүгө аракет кылганын баарыбыз көрүп жатабыз. Сирияда, Ливияда, Египетте да жай тургундар “калыстык болбой калды” деп жакшы ой-тилек менен чыгышкан. Аягы эмне болду? Бизде ушундай болсочу? Нааразычылык акциялары себепчи эле болуп калат. Андан кийин дайыныбызды таппай калышыбыз мүмкүн. Ошондуктан, бизге стабилдүүлүк зарыл. Президентти шайладыкпы, ага иштегенге мүмкүнчүлүк беришибиз керек. “Мобул жагы туура, бул жагы туура эмес болуп жатат” деп ачык айтып туралы. Мисалы, “өкмөттү кетир” деп талап коюп атышат. Ушундай ачык ишке үйрөнүшүбүз керек, бири-бирибизди угуп».

Анткен менен Туйгуналы Абдраимов буга чейин өзү дагы өкмөттүн мүчөсү болуп иштегенин айтып, өкмөттүн ишине баа берүүдөн баш тарткан. Бирок, жазында кабмин мүмкүн таркап кетет деген оюн билдирген.

Келерки шайлоолор жөнүндө сөз кылып жатып, Абдраимов азырынча ЖКнын депутаттыгына ат салышабы-жокпу чече элегин жашырган эмес.

«Бүгүнкү күндө парламенттин ичинде деңгээли жогору, басып өткөн өмүр жолу, кызматы көрүнүктүү депутаттар көп эле. Анын баарын эле жаманатты кылган болбойт. Бирок арасында... кандай айтсам? Эки жүздүүлүк, кошоматчылык менен жашаган депутаттар пайда болду. Мисалы, кечээ эле Атамбаевди айга-күнгө теңешип, көзүнүн кареги менен айланган депутаттар бая күнү Кой-Таш комиссиясынын отчету угулуп жатканда экс-президентти ит талагандай кылышты. Жаштарга кандай үлгү көрсөтүп атабыз деген ой жок. Албетте, ошондой болуп атса жалпы эл көрүп, жалпы парламенттин кадыр-баркы кетет да. Негизинен парламеттин көп депуттары менен мамилем жакшы. Алардын арасынан айрыкча үч “жигитти” сыйлайм - алар Асель Кодуранова, Ирина Карамушкина жана Карамат Орозова», - деп белгилеген Абдраимов.

Сөзүнүн жыйынтыгында Чүй облусунун мурдагы башчысы журналист кызга байланышкан чырдан кийин кызматтан кеткени боюнча дагы өз оюн айтып берген.

«Менин ачык айтканым көп кишиге жакпайт. Мен ал кызга жаман деле айткан эмесмин, “өңүң жакпай калды” деп койдум... Ал жөн гана шылтоо болду. Мен ошол маалда Орокто “Улут аралык жаңжал чыгып кетпесе экен” деп аябай ачуум келип турган болчу. Абал тигиндей болуп атса, ал кыз улам кычаштык кылып суроо берет. Ушуну шылтоо кылышты. Негизги кеткен себебим, ошол учурдагы “Азаттыкка” берген интервьюм болду окшойт. Көп нерсени ачык айтпадымбы», - деген ал.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх