Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранованын акыл-эси жайында. Психологиялык-психиатриялык экспертизанын жыйынтыгы ушундай

 Эл өкүлдөрү экспертизанын тыянагы менен бүгүн таанышышты

ЖК депутаттары Ирина Карамушкина менен Асел Кодурановага карата психологиялык-психиатриялык экспертизанын тыянактары чыкты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Кодуранова билдирди.

Анын айтымында экспертиза экөөнү тең акыл-эстери жайында деп тапкан.

- Мен бүгүн экспертизанын тыянактары менен тааныштым, анда биздин акыл-эсибиз жайында экени жазылган, - деди парламент мүчөсү. - Албетте, башкача болушун деле күткөн эмеспиз. Кошумчалай турган деле сөз жок.

Эске салсак, өткөн жылдын декабрь айынын ортосунда Карамушкина менен Кодуранова 7-8-августта Кой-Ташта болуп өткөн окуялар боюнча кылмыш ишинин алкагында психологиялык-психиатриялык экспертизадан өтүшкөн. Vesti.kg сайтына берген маегинде Карамушкина тергөө органдары аларды «өзгөчө кооптуу кылмышкер» катары көрсөтүп коюшканын айткан.

- Бул экспертиза - саясий жана моралдык кысымдын жүрүшү, - деген анда Карамушкина. - Адатта мындай экспертиза адам өтө оор кылмыштар боюнча айыпталып жатканда өткөрүлөт. Бизди өзгөчө кооптуу кылмышкерлер катары көрсөтүп коюшту.

Эл өкүлү президент Сооронбай Жээнбеков аларды басмырлагысы келип жатканын белгилеген.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх