Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ширин Айтматованын күйөөсүнүн бөгөт чарасы 13-январда өзгөртүлүшү мүмкүн

Соттук отурум Бишкек шаардык сотунда өтөт

ЖКнын экс-депутаты Ширин Айтматованын күйөөсү Сыргак Кенжебаевдин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча соттук отурум 13-январда өтөт. Vesti.kg сайтына бул маалыматты «Үмүт 2020» кыймылынан билдиришти.

Отурум Бишкек шаардык сотунда өтөт.

Эске салсак, 19-декабрда Сыргак Кенжебаев Алматы шаарынын аэрпортунда кармалган. Кенжебаев кытайлык бизнесмендин арызы боюнча алдамчылыкка шектелүүдө. Айтматова күйөөсүнүн камалышы «Үмүт 2020» кыймылынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу деп эсептейт.

Иш ИИМге өткөрүлүп берилген. Учурда Кенжебаев СИЗО-1де кармалууда.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх