Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ширин Айтматованын күйөөсү 20-февралга чейин СИЗО-1ге калтырылды

Судья Сыргак Кенжебаевдин апасы менен жубайын жыйындар залынан чыгып кетүүлөрүн суранды

ЖКнын экс-депутаты Ширин Айтматованын күйөөсү Сыргак Кенжебаев 20-февралга чейин Бишкектин № 1- убактылуу тергөө абагында калтырылды. Бул тууралуу Айтматова өзү Твиттердеги баракчасына жазды.

Ширин Айтматованын айтымында жыйын очурунда судья Ирина Воронцова аны залдан чыгып кетүүсүн суранган. Кенжебаевдин апасына дагы ушундай өтүнүч айтылган.

Эске салсак, 19-декабрда Сыргак Кенжебаев Алматынын аэропортурда кытай ишкеринин арызынын негизинде алдамчылыкка шектилип кармалган. Айтматова өмүрлүк жолдошунун камалышын «Үмүт 2020» кыймылынын ишмердүүлүгүнө байланыштырат.

Иш ИИМге өткөрүлүп, учурда Кенжебаев СИЗО-1де кармалууда.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх