Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Исхак Масалиев: Бүгүнкү бийлик системасы - ыплас

Парламент мүчөсү кыргызстандыктарды келерки шайлоодо өз добуштарын сатпоого чакырды

Кыргызстандыктарды келерки парламенттик шайлоолордо өз добуштарын сатпоого ЖКнын «Өнүгүү -Прогресс» фракциясынан депутат Исхак Масалиев чакырды. Бул тууралуу ал соцтармактагы жеке баракчасына жазган.

«Парламентке шайлоо негизинен башталды десек болот. Тигинде да, мында да аз камсыз үй-бүлөлөргө берилип жаткан белектердин жүрөктү элжиреткен сүрөттөрү. Кимдир-бирөө таштанды тазалап ФБга жүктөйт, дагы башкалары өздөрүнүн Жумушчу жолугушууларын бүтүндөй өлкөгө жар салып жатат. Айрымдар Президент менен жакындашууга далбастап жатат (ким билет, мүмкүн өзүнүн жакшы көргөн партиясынын тизмесине кошуп калаар?). Москва, Вашингтон, Батыш жана Чыгыш менен жакындашууга аракет кылгандар да бар. Дагы бирөөлөр чек арадагы көйгөйдү жалгыз эле чечип салышарын айтып төш кагышууда. Күтүлгөндөй эле… Эң коркунучтуусу - көптөгөн жөнөкөй жарандар буга ишенгиси келет.
«Бардык 120 депутат тең кайра парламентке келишеби?» деген суроону берип жатышат. Жок. Тажрыйба кандай болгон күндө да 30%дан ашпагандары кайтарын көрсөтөт.

Эмне кылабыз? Добуштарды сатпаш керек. Бул татаал, бирок, башка жол жок. Төңкөрүш эле болбосо. Андай болгон күндө деле бийликти басып алган бир ууч топ ордун бекемдөөгө жанталашат. Көрдүк го. Бүгүнкү күндөгү бийлик системасы -ыплас жана анда элдин эрки жөнүндө түшүнүк дагы жок.
Айтор, достор, күзгө, 2020нын ысык күзүнө даярданабыз», - деп жазган депутат Масалиев.

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх