Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кудайберген Базарбаев президенттик аппаратка дайындалганын ММКлардан уккан

«Бул аткаминерлерге кимден кызмат алуу маанилүү деле эмес»

Мурдагы социалдык өнүктүрүү министри, «Ата Мекен» партиясынын экс-мүчөсү Кудайберген Базарбаев президенттик аппараттын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалганын ММКдан уккан. Бул тууралуу ал Vesti.kg сайтына өзү билдирди.
Муну менен бирге Базарбаев аны менен буга чейин бул темада сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн, бирок, дайындоо тууралуу сөз болбогонун жашырган жок.

Өз кезегинде ЖКнын «Ата Мекен» фракциясынан депутаты, кийинчерээк «социалисттердин» катарынан чыгып кеткен Өмүрбек Абдрахманов мурдагы партиялашынын дайындалышы боюнча Vesti.kg сайтына өз пикирин билдирди. Ал Базарбаевге кызмат гана керек деп эсептейт.

- Бул аткаминерлерге кимден кызмат алуу маанилүү деле эмес, -деди ал. Алар креслого отуруш үчүн каалаган партияга турушат. Ал кесипкөй аткаминер.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх