Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ак үйдүн алдындагы митинг. Баткен облусунун жашоочулары тажиктер өздөрү дагы жаңжалдардан чарчашканын айтышты (видео)

«Тажикстандын атайын кызматтары жарандык кийимдерди кийип алып, кыргызстандыктарга ок чыгарышат»

Бишкекте парламенттин имаратынын жанында бийликтин тез арада кыргыз-тажик чек арасында чыр абалды чечүү талабы менен митинг өтүүдө. Нааразычылык акциясына 70ке жакын адам чыккан.

Митингдин катышуучуларынын бири, Лейлек айылдык аймагынын депутаты аларды Ак үйдүн алдына чыгууга Баткен облусундагы абал аргасыз кылганын журналисттерге айтып берди.

- Ал жерде абал туруксуз, тажик тарап улам чагымдарды уюштуруп жатат, алардын бийлиги буга көз жумуп коет. - Бир жума мурда болсо биздин милиция кызматкерли Кыргызстандын төрт жаранын камап салды. Биз алардын бошотулушун талап кылабыз.

Чогулгандар бийликтен чек арадагы маселени тынч жол менен чечүүнү суранышты.

- Үстөл үстүнө сүйлөшүүгө отуруп, бул жаңжалдарга чекит коюу зарыл, - дешти митингчилер. - Аткени, азыр тажик атайын кызматтары жарандык кийим кийип алышып, кыргызстандыктарга ок чыгарып жатышат. Түн ичинде кыргызстандыктардын унааларынын терезелерин сындырып, эч кандай жоопкерчилик тартышкан жок буга. Эки мамлекеттин жай тургундары дайыма тынч, достукта жашап келишкен, бул чагымдар даярдалган адамдардын колунан болуп жатканына күмөнүбүз жок. Тажиктер өздөрү был чырлардар чарчашканын айтып жатышат. Алар деле чагымдар учурунда коркуп, бала-чакалары менен чек арадан алысыраак жерде жашынышат. Бизде атайын кызматтарга көрсөткөнгө бардык фактыларыбыз бар.

Эске салсак, 10-январда кыргыз-тажик чек арасында кезектеги чыр орун алган. Кийинчерээк кыргызстандык укук коргоо органдары КРнын төрт жаранын камакка алып, экөөсүнөн ок атуучу курал табышкан.

Вероника Малышева
Эльдос Казыбеков
Фото Vesti.kg
Видео Vesti.kg

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх