Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КРСУнун журналистика кафедрасынын башчысы ЖКнын депутатынын сунушу туурасында: Акылга сыйбаган нерсе

 

Александр Кацевдин пикиринде ММКларга терс окуялар тууралуу жазганга тыюу салууга эч кимдин укугу жок

Кыргызстанда массалык маалымат каражаттарына терс маанайдагы окуялар, жаңылыктар тууралуу жазууга тыюу салыш керек. Мындай сунушту кечээ, 14-январда ЖКнын транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында депутат Кубанычбек Жумалиев билдирген.

Ал мисал катары кырсык, терс окуялар тууралуу жаңылык жазбаган Дубайдын ММКларын келтирди.

«Дубайда, мисалы, туристтик имиджди сакташ үчүн бардык терс маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында блоктоп салышат. Муну өтө катуу көзөмөлдөшөт, жаман жаңылыктарды жазышпайт»,- деген Жумалиев.

Депутат өкмөт бул маселени карап чыгышы керек деп талап кылган.

Ал ортодо КРСУнун журналистика кафедрасынын жетекчиси Александр Кацев Vesti.kg сайтына маек куруп, Жумалиевдин сунушун сынга алды.

- Депутаттар үчүн ММК - бул болгону үч тамгадан турган сөз, - деп белгиледи Кацев. - Басылмаларга терс маанайдагы жаңылыктарды жарыялоого тыюу салуу туура эмес, акылга сыйбай турган нерсе. Биз качан Дубайдагыдай жашап баштаганда анан маалыматты чыпкалоо жөнүндө кеп кылсак болот.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх