Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Жолдошбаев ИИМнен: «Күйөөлөрү өлтүргөн аялдар өздөрү күнөөлүү болушу мүмкүнбү?»

Ички иштер министринин орун басары Памир Асановду Жогорку Кеңеште окуучуга теңешти

Жогорку Кеңеште бүгүн биринчи окууда «Үй-булөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда.

Талкуу учурунда ИИМнин башчысынын орун басары Памир Асанов 2019-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 8159 факты катталып, алардын ичинен 7045 токтотулганын маалымдады.

- Адамдар тосмо арыз жазышат, мындан улам токтотулган, - деп тактады Асанов. - 554 материал сотко жөнөтүлгөн. 4 миңден ашык зомбулук фактысы мас абалында жасалган.

Депутат Дастан Бекешев аялдар менен балдарга карата жасалган кылмыштардын санын азайтуу үчүн алкоголдук ичимдиктерди сатууга чектөө сунушу менен чыкты.

- Мага белгилүү болгондой, зомбулук билимдүү, колунда бар үй-бүлөлөрдө деле кезигет, бирок, көбүнчө мындай учурлар жубайлардын бири ичимдикке берилгенде болот, - деп белгиледи парламент мүчөсү. - Балким, ордер алган жарандарга спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салуу зарылдыр? Же болбосо алкоголду сатууну чектөө керек.

Башка депутат Камчыбек Жолдошбаев өкмөттүн мүчөлөрүнө «Өлтүрүлгөн аялдар өздөрү күнөөлүү болушу мүмкүнбү?» деген суроону узатты.

-2020-жылдын башынан тарта резонанс жараткан үч факты катталды, - деди эл өкүлү. - Буга чейин ал аялдар милицияга кайрылганбы? Үй-бүлөлүк зомбулуктун себептерин изилдейсиңерби? Аялдар өздөрү күнөөлүү эмеспи?

ИИМ башчысынын орун басары Памир Асанов 2020-жылдын башынан бери күйөөлөрүнүн колдорунан ажал тапкан аялдар укук коргоо органдарына кайрылышпаганын айтты.

Жолдошбаевдин суроосу Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиеваны кыжырдантып жиберди.

Ал ошондой эле, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган 8159 адамдын ичинен канчасы аял, канчасы эркек экенин айта албаган Памир Асановду дагы сынга алды.

- Сиз начар даярданып келиптирсиз, мектеп окуучусуна окшоп жооп берип жатасыз. Бул жерде аялдар өздөрү күнөөлүү эмеспи деп да жатышат. Ушундай кантип суроо болсун? - деп ачууланды ал.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх