Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ак үйдүн алдындагы митингчилер Жеңиш Разаковдун отставкасын талап кылышууда (видео)

Нааразычылык акциясынын катышуучулары Сооронбай Жээнбековду элдин үнун угууга чакырышты

Бүгүн Ак үйдүн алдында өтүп жаткан митингдин катышуучулары вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун кызматтан кетишин талап кылышууда.

Лейлек районунун Катыраң айылдык кеңешинин депутаты Сапарали Бөрүбаевдин айтымында Разаковдун тажик тарап менен сүйлөшүүлөрүнөн эч кандай жыйынтык чыккан жок.

«Разаков жүргүзүп жаткан эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн эч кандай майнап жок. Биз Тажикстан тараптан чагымчыл аракеттер болуп жатканын билебиз. Алардын атайын кызматтары жарандык кийимдерди кийип алышып, биздин жарандарга ок чыгарып жатышат. Бир жума мурда алар жүк ташуучу унаанын терезелерин сындырышты. Тажик тарап өздөрүнүн чагымчыларын камашкан жок. Биз Разаковдун кетишин талап кылабыз»,- деди Бөрүбаев.

Акциянын жүрүшүндө катышуучулар «Жеңиш Разаков кетсин!» деп кайталап кыйкырып жатышты. Плакаттардын биринде «Урматтуу президент! Элдин да үнүн угуп коюңуз» деп жазылып турду.

Митингдин дагы бир катышуучусу Айкут Конушбаев демонстрациянын катышуучуларынын 70 пайызы - Баткен облусунун жашоочулары экенин Vesti.kg сайтына билдирди.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх