Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эксперт: Жеңиш Разаковду кызматынан алып, ага каршы кылмыш иш козгош керек

Кайрат Осмоналиев вице-премьер министрди өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлу болуп турган маалда шалаакылыкка шектейт

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго КРнын Жазык кодексинин 331-беренеси ( Шалаакылык) боюнча кылмыш ишин козгоо зарыл. Антикоррупциялык саясаттын мамлекеттик стратегиясын ишке ашырууну контролдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин жумушчу тобунун мүчөсү, юридика илимдеринин доктору, КРнын Эмгек сиңирген юристи, профессор Кайрат Осмоналиев ушундай пикирде.
Буга негиз - Разаковдун өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын ээлеп тургандагы пассивдүүлүгү экенин ал Vesti.kg сайтына тактады. Анда, юристтин пикиринде учурдагы вице-премьер чек ара көйгөйлөрүн биротоло чечүү мүмкүндүгун кое берип жиберген.

- Болжол менен 2010-2011-жылдардан баштап Тажикстан абдан оор экономикалык абалды башынан кечирген, - деди Осмоналиев. – Өлкө экономикалык блокада уюштурган Өзбекстан менен чырдашып жаткан. Товарлардын Тажикстанга кирчү жалгыз жери Баткен болчу. Ислам Каримовдун көз жумганга чейин тажиктер бизден көз каранды абалда эле.
Ошондуктан, анын айтымында биздин коңшулар «тил алчаак» кезде Кыргызстан алардан каалаганды, анын ичинде чек ара маселелери боюнча дагы талап кыла алмак. Бирок, юрист бул жылдары бир дагы метр такталганбаганын айтат.

Премьер-министр Өмүрбек Бабанов дагы чек араны делимитациялоо боюнча иштеген жок деп кейиди Осмоналиев: квота менен биздин мамлекетке бензин ташыган орусиялык фуралар аткезчилик жолу менен Тажикстанга кетип жатты.

- Айрымдар улуттук кызыкчылыктарды коргоонун ордуна абалдан колдонуп бизнес жасашты, - дейт юрист. – Ошол маалда КРнын президенттик аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков, ошондой эле тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев дагы Кыргызстан үчүн оңтойлуу кез экенин билишкен, бирок, чек ара маселелерин чечүү үчүн эч нерсе кылып коюшкан жок.

Азыр абал өзгөрдү. Өзбекстан менен темир жол каттамдарды калыбына келген соң Тажикстанда товар ташууда көйгөйлөрү жоголдую Биздин коңшу ошондон тарта бизден көз каранды болбой калган.

- Мына ошон үчүн мен мурдагы губернатор, азыркы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду шалаакылыкка айыптап жатам, ал кызматтык милдеттерине кош көңүл кылганы ушундай кейиштүү кесепеттерге алып келди, - деп билдирди Кайрат Осмоналиев. – Ал губернатор кезинде улуттук кызыкчылыктарды коргобону үчүн жооп бериши керек. «Шалаакылык» - бул минимум эле. Ал бийликте калганга моралдык укугу жок.

Разаков азыр деле өз милдеттерин жетиштүү деңгээлде аткарып жаткан жок, болгон-билгени -тендер менен алектенүү, деп эсептейт ал.

- Президент буга көңүл бурууга тийиш, - дейт юрист.
Кайрат Осмоналиев вице-премьер-министрдин постуна башка талапкерди сунуштоого даяр. Анын пикиринде эмгек жана социалдык министри Улукбек Кочкоров бул кызматка эң ылайыктуу болмок.

- Ал мурдагы УКМКчы, улуттук коопсуздук эмне экенин жакшы билет, өзү баткендик, ЖКнын депутаты болуп шайланган, азыр деле дурус иштөөдө, - деген оюн ортого салды. - Разаков сыяктууларды кетирип, кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек, ордуна Кочкоровду дайындап, абалды оңдотуу зарыл.

Осмоналиев Кочкоров менен жеке өзү тааныш эмес экенин, бирок, анын ишине көптөн бери көз салып келерин кошумчалады.

Вице-премьер-министрди алмаштыруудан башка чек арадагы көйгөйлөрдү чечүүгө анклавдар жана алардык укуктук режими туурасындагы мыйзам дагы жардам бермек, деп эсептейт ал. Анткени, Кыргызстандын аймагындагы тажиктердин Сох менен Варухуна эч ким текшерүүгө албаган жүк ташуучу унаалар дайыма кирет да. Алардын ичинде, юристтин пикиринде бардыгы болушу мүмкүн: кадимки контрабандадан тарта курал менен боевиктерге чейин.

- Биз өз кызыкчылыктарыбызды коргогонду үйрөнүшүбүз керек, - деп кайталады Осмоналиев. - Биздин мамлекеттик чоңдордун көз жумуп койгону аткезчилердин колуна сала бергендей да. Ал эми бул маалда биз иш жүзүндө аймагыбыздын ттр бөлүгүнөн айрылып отурабыз: Согд облусунда 4 млнго жакын адам жашайт, Баткенде болсо - 408 миң (чынында 300 миңден көп эмес - калганы иш издеп башка мамлекеттерге кетишкен. Он эсе чоң демографиялык кысым.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg бүгүн саат 10:00дө кыргызстандыктар Ак үйдүн алдына митингге чыгышканын кабарлаган. Алардын талабы - бийликтин тез арада кыргыз-тажик чек арасындагы созулуп кеткен чырды чечүү.

Коргонуу, коопсуздук жана эл аралык иштер боюнча парламенттик комитет кечээ күч түзүмдөрүнүн чек арадагы абал боюнча маалыматын угушкан, бирок, эч кандай чечим кабыл алышкан эмес. Келерки жумада маселе вице-премьер-минист Жеңиш Разаковдун катышуусунда дагы бир ирет талкууланат.

Ошондой эле, кечээ «Кызыл-Бел» жана «Гулистан» чектозотторунун ортосунда Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын жолугушуусу болуп өттү.

Ага чейин Жеңиш Разаков Кыргызстан эки элдин жашоо шарттарын жакшыртуу максатында айрым жерлерди алмашууну сунуштаганын билдирген.
10-январга караган түнү Тажикстан жарандары кыргыз айылындагы турак жай менен унааларды таш менен ургулашкан. Ок атылган. Кыргызстандыктар Ош — Баткен — Исфана автожолун буумакчы болушуп, бирок, укук коргоо органдарынын кийлигишүүсүнөн соң бул идеядан баш тартышкан.

Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх