Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жеңиш Разаков Баткенеде чек арадагы абал боюнча координациялык кеңешме өткөрөт

Вице-премьер эртең УКМК, ИИМ, Башкы прокуратура, Мамлекеттик чек ара кызматы ж.б. башчыларын чогултат

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков эртең, 16-январда Баткенде УКМК, Чек ара кызматы, ИИМ, Башкы прокуратура, Баткен облусунун жергиликтүү бийлигинин башчыларынын катышуусунда координациялык кеңешме өткөрөт.

Кеңешмеде чек аралаш аймактардагы коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоо жана облустун социалдык-экономикалык өнүгүү маселелери талкууланат. Ошондой эле, чек ара кызматташтыкты бекемдөө маселелери, калк арасында тажик тарап менен сүйлөшүү процесстери туурасында маалымат берип, түшүндүрүү иштерин күчөтүү маселелери дагы талкууга алынат.

Баткен облусуна иш сапарынын алкагында вице-премьер Көк-Таш айылынын жашоочулары менен кезикти. Бир катар суроолор талкууланып, анын ичинде чагымчыл аракеттерге шектелип кармалган айылдын төрт жашоочусу туурасында дагы сөз козголду. Бул маселе мыйзам чегинде тыкыр каралары белгиленди.

Өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмү
фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх