Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мурат Суталинов чет өлкөдөн медициналык текшерүүдөн өтүп келүүгө муктаж. Кыргызстанда керектүү жабдуу жок

УКМКнын мурдагы башчысынын жубайынын айтымында алар азырынча кайсы өлкөгө барышарын чечише элек

Оор илдетке кабылган УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов чет мамлекеттен медициналык текшерүүдөн өтүп келүүгө муктаж. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын жубайы Гүлнара Суталинова билдирди.

- Муратка ПЭТ текшерүүсү дайындалган, бирок, Кыргызстанда мындай жабдуу жок экен, - деп тактады ал. - Ошон үчүн биз бул анализди өткөрүүгө кайсы өлкөдө заманбап жабдуу бар, алардын баасы жана шарттары дагы кандай экенин караштыруудабыз. Азырынча кайсы мамлекетке барарыбызды чече элекпиз.

Гүлнара Суталинова учурда анын өмүрлүк жолдошу химиотерапияны алууну улантып жатканын кошумчалады.

Чет өлкөлүк клиникадан анализден өтүү керектигиин Vesti.kg сайтына Мурат Суталиновдун дарыгери Турусбек Абдылдаев дагы ырастады.

- Ал мурдагыдай эле дарылануусун алып жатат, көбүнчө үйүндө, - деди дарыгер. - Биз ага дайындаган текшерүү бизде жасалбайт. Суталинов кайсы өлкөгө барып өтүп келет билбейм.

Эске салсак, буга чейин УКМКнын экс-башчысынын боорунун 60 пайызы жана метастаздары бар он эки эли ичегисинин бир бөлүгүн алып салышканы айтылган.

Мурат Суталинов 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар боюнча 20 жылга эркинен ажыратылган. Ал 2019-жылдын 7-майында ден-соолугунун начарланышынан улам бошотулган.

Зулайка Эркимбаева
Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх