Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошкон эл өкүлдөрү сыйланды

Депутаттарга ардактуу наамдар жана грамоталар берилди

Жогорку Кеңеште кезектеги жолу депутаттарга сыйлыктар берилди. Парламенттин спикери Дастан Жумабеков пленардык жыйында кесиптештери кандай сыйлыктарга ээ болушканын айтып берди.

Атай кетсек, өлкөнүн социалдык-экономикалык жана интеллектуалдык өнүгүшүнө маанилүү салым кошкону үчүн депутат Тынчтык Шайназаров «эмгек сиңирген юрист» наамына ээ болду. Башка эл өкүлү Каныбек Иманалиевге «маданияттын эмгек сиңирген ишмери» наамы берилди.

Жыргалбек Турускулов менен Нодирбек Каримов ардактуу грамоталар менен сыйланышты.

Төрага эл өкүлдөрүн алган сыйлыктары менен куттуктап, ийгилик каалап өттү.

Вероника Малышева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх