Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Курсан Асановдун иши боюнча «Чындык» гезитинин редактору кармалды

Турсунбек Бейшенбеков убактылуу кармоочу жайына киргизилди

«Чындык» гезитинин башкы редактору Турсунбек Бейшенбеков убактылуу кармоочу жайга камалды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КСДПнын мүчөсү Адил Турдукулов билдирди.

- Мага анын жубайы телефон чалып, бүгүн журналист кезектеги жолу Курсан Асановдун иши боюнча күбө катары Аскер прокуратурасына сурак берүү үчүн барганын айтып берди. Бирок, акырында Бейшенбековду камап коюшуптур, - деп белгиледи Турдукулов. - Менин билишимче, сөз Асанов журналистке жашыруун маалыматты берип турганында болууда. Бирок, чынында Турсунбек Бейшенбековдун макалаларында жашыруун деле эч нерсе болгон эмес.

«Социал-демократ» аталган иш боюнча суракка чакырылган «Азия Ньюстун» башкы редактору Арсланбек Сартбаев дагы кармалышы мүмкүн деп божомолдойт.
ММКларды ушинтип кысымга алып жатышканы түшүнүктүү, анткени, бул эки гезит тең оппозициялык маанайдагы басылмалар. Шайлоонун алдында маалыматтык чөлкөмдү тазалап жатышат, - дейт Турдукулов.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх