Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардык укуктарын коргоочу: Инклюзивдик билим берүү жөнүндө мыйзам кабыл алынышы керек

Толкунбек Исаковдун пикиринде майыптыгы бар балдар атайын окуу жайларда эмес, жалпы билим берүү мекемелеринде билим алууга тийиш

Мектеп жана бала бакчаларда инклюзивдик билим берүү формасы кабыл алынышы керек. Бул тууралуу кечээ, 20-январда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.

Анын айтымында учурда майыптыгы бар адамдар үчүн билим берүүнүн үч формасы бар:

1. Адистештирилген мектепке чейинки жана жалпы орто билим берүү уюмдарында атайын билим берүү системалары аркылуу.

2. Үй шартында.

3. Жалпы типтеги мектепке чейинки жана орто билим берүү уюмдарында

Эл өкүлү адистештирилген мекемелерден жана үй шартында билим берүүдөн баш тартуу керектигин кошумчалады. Ошондой эле ал инклюзивдик билим берүүнү киргизүү  майыптыгы бар балдар тууралуу стереотиптерди жеңүүгө өбөлгө болорун кошумчалады.

«Кыргызстанда республикалык бюджеттен каржыланган 14 атайын мектеп-интернаттар бар, ал жерде ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 2 миңден ашык балдар билим алууда. Жылына мындай мектептерди колдоого 300 млн сомдон ашык акча сарпталат. Коомдо ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга карата стереотиптик мамиле курч. Анткени, бардыгы бала кезден башталып жатпайбы: бала бакчада жана мектепте. Эгерде бала оорубаса жана майып балдарды көрбөсө, албетте, анда түшүнксүз реакция жаралат. Бул мыйзам долбоору стереотиптерди жойгонго жардам берет», - деди Бекешев.

Анын кесиптеши, ЖК депутаты Евгения Строкова мыйзам долбоорун талкуулоонун жүрүшүндө бир класста 40тан баланы окуткан мугалимдерге ден-соолугунунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окутуу кыйын болорун белгиледи.

«Менин кесиптешимдин классында ДЦП менен ооруган бала бар эле. Бул балдар үчүн жакшы, аларда толеранттуулук пайда болот, бирок, мугалим үчүн бул өтө оор. Ал абдан көп күч жумшачу, балага жат жазуу жаздырып жана тапшырмаларын аткартуу үчүн атайын сабактардан кийин калганга туура келчү. Мугалимдердин жумуш ансыз дагы оор», - деди эл өкүлү.

Анын пикиринде майыптыгы бар балдар атайын класстарда окушу керек.

Ал ортодо «Майыптыгы бар жарандарды коргоо комитети» КФнун директору Толкунбек Исаков Vesti.kg сайтына берген маегинде Бекешевдин мыйзам долбоорун колдоорун билдирди. Ал ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берген мугалимдерге көбүрөөк маяна төлөнүшү керек деп эсептейт.

«Бул мыйзам долбоору каражат жагынан жакшылап ойлонулуп туруп кабыл алынууга тийиш,- деди Исаков. - Строкова деле учурдагы финансылык абалга карап оюн билдирип жаткандыр. Биз мектептерде инклюзивдик коом түзүшүбүз керек. Эгерде бир класста бир нече майып бала болсо, анда окуучулардын жалпы саны 20дан ашпоого тийиш. Мугалимдерде дагы финансылык мотивация болуусу шарт».

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх