Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Казакстандык аткаминер Кыргызстандагы айланма жолдо жайгашкан май куюучу жай эмнеге тикенек зым менен тосулганын түшүндүрдү

Казакстан жана Кыргызстан чек араны демаркация кылуу боюнча иштердин соңуна чыгышууда

Бишкек-Нарын-Торугарт жолу өткөн Казакстанга тиешелүү жер тилкеси бар. 800 метрлик трасса чек аралаш аймакка кирип турат, ошондуктан бул аймак тикенек зым менен тосулду. Казакстандын Индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлигинин Автоунаа жолдору комитетинин төрагасынын орун басары Амангельды Беков Vesti.kg сайтына Кыргызстандагы айланма жолдун жээгинде жайгашкан май куюучу жайлардын тосулганын ушинтип түшүндүрдү.

Казакстандык аткаминер бул жагдайды ошондой эле Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамлекеттик чек арадагы өткөрмө бекеттери жөнүндөгү макулдашуунун өзгөрүшү менен дагы байланыштырды. Эки өткөрмө бекеттердин статусу - «Сортобе» («Токмок-авто жол») жана «Аухатты» («Кенбулун-авто жол») эки тараптуудан көп тараптуу же болбосо эл аралык статуска өткөнү менен дагы түшүндүрдү.

Эки май куючу жайдын эртеңки тагдыры азырынча белгисиз.

«Алар эмне болот мен айта албайм. Ал станциялар чек аралаш аймакта жайгашкан болчу», - деди Амангельды Беков.

Айнур Коскина
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх