Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Бардык кесиптештериме ыраазычылык билдирем». «Чындык» гезитинин редактору үй камагына бошотулду

 Журналисттин жактоочусу аны кармоо одоно мыйзам бузуулар менен коштолгонун билдирди

«Чындык» гезитинин башкы редактору Турсунбек Бейшенбеков үй камагына бошотулду. Бул маалыматты Vesti.kg сайтына ал өзү маалымдады.

Белгилүү болгондой, ал кечээ кечинде бошотулган.

- Мен бардык кесиптештериме, ошондой эле мени колдоп, мен үчүн тынчсыздангандардын бардыгына ыраазычылыгымды билдирем, - деди Бейшенбеков. – Мен кечээ кечинде үйүмө кайтып келдим.

Журналисттин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова Бейшенбековду кармоо одоно мыйзам бузуулар менен коштолгонун Vesti.kg сайтына билдирди.

- Сот тергөөнүн иш-аракеттерине баа берип, кармоонун өзү туура эмес болгон деген тыянакка келди, - деп тактады юрист. – Ал эч жакка качпаганына жана иш анын кесиптик аракеттери менен байланыштуу болгондуктан, аны үй камагына чыгарышты.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх