Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Толкунбек Абдыгулов: Улуттук банк Финчалгындоого Саймаити боюнча 14 кат жолдогон

Улуттук банктын төрагасы маркум ишкердин ишмердүүлүгү боюнча мурда шектенүүлөр болуп келгенин айтты

Кыргызстандын Улуттук банкы Мамчалгындоо кызматына Айеркен Саймаити жана «Абдыраз» ЖЧКсы боюнча 14 кат жөнөткөн. Бул тууралуу Айеркен Саймаитиге байланыштуу жагдайларды иликтөө жана маалыматтарды текшерүү боюнча ЖКнын депутаттык комиссиясынын жыйынында Улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында 2012-жылдан 2018-жылга чейин коммерциялык банктардын ишин изилдөөнүн жыйынтыгы менен Улуттук банк Мамчалгындоо менен УКМКга Кытай жарандарынын Кыргызстандын аймагындагы ишмердүүлүгү боюнча 16 кат жолдогон.

-16 каттын ичинен 14 Айеркен Саймаити жана «Абдыраз» ЖЧКсына байланыштуу болчу», - деп тактады Абдыгулов.

ЖК депутаты Аалы Карашев өз кезегинде эгерде Улуттук банк мыйзам бузуулар орун алганынын негизинде 14 кат каттаган болсо, демек кандайдыр бир фактыларга ээ болушканын белгиледи.

-Албетте, - деп ага жооп кайтарды Абдыгулов. - Операциянын шектүүлүгүн даражалары бар. Акчалай каражаттар пайда болгондо, дайыма бул финансылардын келип-чыгышы жөнүндө маселе келип чыгат. 2012-жылы сөз 60 миң доллар туурасында болчу, андан кийин 24, кийин 59 миң ж.б. Жалпы сумма боюнча менде маалымат жок.

Улуттук банктын төрагасы депутаттарга банктардын кардарлары акча которууда бул каражаттар кандай максатта которулуп жатканын тактаган документтерди көрсөтүшү керектигин түшүндүрдү.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх