Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улуттук банктын башчысы: Кыргызстанда мурда валюттук көзөмөл болгон эмес, Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары мындан колдонуп келишкен

Жогорку Кеңеште Айеркен Саймаитинин иши боюнча жыйын өтүүдө

Түркияда киши колдуу болгон ишкер Айеркен Саймаити Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда акчалай операцияларды коңшулаш мамлекеттин мыйзамдарын колдонуу менен жүргүзүп келе алган. Бул тууралуу парламенттик комиссиянын жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

ЖК депутаты Талант Мамытов «Эки мамлекет ортосунда акчалай операцияларды жүргүзүү муктаждыгы бар беле?», - деп суроо узатты.

- Саймаити берген маегинде Өзбекстандан Кыргызстанга каражаттарды которуп келгенин айткан, - деп эске салды парламент мүчөсү. - Бүгүн ал жактан бизге акча которуунун бир кереги барбы? Ага Кыргызстанга акча которуу ыңгайлуу болчу дегенге негиз барбы?

Улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгуловдун айтымында Кыргызстанда мурда валюттук көзөмөл болгон эмес, бул жагдайды Өзбекстан менен Тажикстан жарандары өз кызыкчылыктарында колдонуп келишкен.

- Бизде валюттук көзөмөл жок, - деп тактады Абдыгулов. - Өзбекстанда айрым чектөөлөр бар. Бүгүн ал жакта ишкерлер долларларды банктардан гана сатып ала алышат жана акчаны эмне максат менен алмаштырып жатканын түшүндүрүшөт. Бизде, Бишкекте болсо акча алмаштыруу жайлары абдан көп. Алар бизден лицензия алышат дагы маалымат түрүндө канча доллар сатышканын көрсөтүшөт. Бирок, сумма боюнча чектөөлөр жок. Тажикстан боюнча дагы ушундай эле абал, ал жерден дагы жарандар Баткенге акча которуп анан алмаштырып алышат. Бирок, ушул жылы ЕАЭБнын талабы боюнча 100 миңге чейинки чектөө киргизилди.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх