Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Искендер Матраимов: Эгерде биз ММКларды каржыласак, анда бүгүн бизге болгон күнөөлөрдүн бардыгын илип, желмогуздай көрсөтүшпөйт эле го

Депутат алардын үй-бүлөсү эч качан «интернет-троллдорду» каржылашпаганын айтып ишендирди. Анын айтымында акылы жоктор гана фейк аккаунттарды жалдашат

Коомчулук менен социалдык тармактарда Матраимовдодун үй-бүлөсү айрым ММКларды каржыларын, ошондой эле айтылуу «фейктер» менен «троллдорду» жалдашарын боолгологондор четтен чыгат.

Буга байланыштуу Vesti.kg депутат Искендер Матраимовду сөзгө тартып, "Сиздердин үй-бүлөңүздөргө тиешелүү ММК барбы? Ошондой эле соцтармактагы сындарга жооп кайтарып, колдонуучулар арасында буюртмачы адам тууралуу оң көз караштагы ой-пикир жаратуу милдети жүктөлгөн «интернет-троллдорду» чынында эле жалдайсыздарбы? деген суроо узаттык.

- Бул суроо дайыма күлкүмдү келтирет, - деп жооп кайтарды ал. - Эгерде биз ММКларды каржыласак, анда бүгүн бизге болгон күнөөлөрдүн бардыгын илип, желмогуздай көрсөтүшпөйт эле го. Интернеттен биздин фамилиябызды терип көргүлөчү, ал жерде эмне болуп жатканын өзүңүздөр көрөсүздөр. Ушактын артынан ушак, бир макала экинчисинен коркунучтуу. Бул абсурд башында бизге аябагандай чоң сезилип, биз коркуп да жүрдүк. Азыр болсо күлкүлүү да боло баштады. Алдыңкы делген ММКлардын фантазиялары ушунчалык экен, кээде мүмкүн алардын юмордук мүнөзү ушундай го деген ой дагы келет. Же алар кандайдыр бир параллелдик чындыкта жашашабы, билбейм. Бирөө да биздин ким экенибизге кызыккан жок. Бир гана чет элдик портал болду чынында, ал биз тууралуу англис тилинде макала жазып, биздин үй-бүлө тууралуу кичине тереңирээк билүүгө аракет кылышкан жок дегенде

Матраимовдун айтымында жеке өзүнө, ошондой эле туугандарына тиешелүү дагы эч кандай жеке массалык маалымат каражаттары жок.

- Тескерисинче, айрымдар жаңы долбоорлорду чыгара калышып, биздин үй-бүлө тууралуу макала жазуу менен гана алектенген журналистикадагы жаңы жылдыздардын атын чыгаруу менен убара, -деп сөзүн улантты эл өкүлү. - Алар үчүн Кыргызстандан бизден башка тема жок. Бирок, менин байкашымча көп сандаган ММКлардын арасында маалыматты калыс чагылдырган нейтралдуу порталдар дагы жок эмес. Кээ бир гезиттер бизди колдоп жазышканын бир нече жолу көрдүм. Бул алардын өз көз карашын билдирип жатканынан кабар берет. Бирок, белгилеп кетким келет, мен жана менин үй-бүлөм үчүн кимдир-бирөөнүн пикирин сатып алуу жат көрүнүш, аброюбузга доо кетирмек. Биздин тарапташтарыбыз пайда болуп жатса дагы, бул алардын медиа-мейкиндикте орун алып жаткан маалыматтык башаламандыкка күбө болушкандан кийин жеке демилгеси менен болууда демекчимин.

Муну менен бирге Матраимовдун айтымында ал «троллдор» ким экенин билбейт.

- Бирок, фейк аккаунттардын активдүүлүгүнө көптөн бери көз салып келем, - деди депутат. - Биз жөнүндө ыплас нерселерди жазгандар дал ошолор. Фейк аккаунттар коомдук пикирди түптөбөйт. Аларды акылсыздар эле жалдашы мүмкүн.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх