Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Бекешев: Депутаттар декларацияны толтурууда ката кетирип жатышса пол жуугучтар аны туура толтура алабы?

ЖКда Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүдө Салык кызматынын төрагасынын орун басарына ыңгайсыз суроолор берилди

Депутат Дастан Бекешев Салык кодексине өзгөрүүлөр киргизилгенден кийин бардык эле жарандар салык декларацияларын толтура аларына күмөн санайт. Бул тууралуу ал парламенттин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Искендер Асылкуловго анын мекемесинде канча пол жуугуч кызмат кыларын сурап кайрылды. Асылкулов бул суроого так жооп бере алган жок.

- Сиз мекемеңиздерде канча пол жуугуч кызмат кыларын билбейсиз дагы, бирок алар дагы салык декларациясын тапшырсын деп жатасыз, - деп белгиледи Бекешев. - Алардын декларацияны толтура алышарына көзүңүз жетеби?  Аларда бул боюнча жетиштүү маалымат барбы?

Буга МСКнын башчысынын орун басары киргизилип жаткан эрежелер мамлекеттик бардык жарандарына тийиштуу болгондон кийин, демек декларацияларды бардыгы толтурушарын айтты.

- Биз аларга үйрөтөбүз, - деп ишендирди Асылкулов.

Муну менен бирге Бекешев техникалык персоналга милдеттүү салык декларацияларын киргизүүнү жылдыруу керектигин билдирди.

- Пол жууп иштеген кызматкерлер бул мыйзамды аткара алышпайт, 77 депутат өз декларацияларында техникалык ката кетирип жатышса, алар кайдан туура толтурмак эле, - деп баш чайкады парламент мүчөсү. - Кийин эмне алардын бардыгын сүйрөп жүрүшөбү? Казакстанда техперсонал менен студенттер салык декларацияларын толтура алышпагандыктан алар үчүн салык декларациясын тапшыруу мөөнөттөрүн жылдырып коюшту. Анын үстүнө мен өзүм салык декларациясын тапшырып жатканда менин батирим курулуп жаткан объект катары көрсөтүлгөнүн көрүп таң калгам. Системада каталар абдан көп.

Белгилей кетсек, парламентте Салык кодексине жаңы өзгөртүүлөр каралууда, аларга ылайык, өлкөнүн бардык жашы жеткен жарандары кайсы ишмердүүлүк менен алектенбесин жыл сайын салык декларацияларын тапшырып турууга тийиш.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх