Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дональд Трамп Кыргызстандын жарандарына виза берүүгө чектөө коюуну караштырууда

Американын президенти улуттук коопсуздукка кам көрүүдө

АКШнын президенти Дональд Трамп америкалык визаларды берүүдө дагы жети мамлекеттин жарандарына, анын ичинде Кыргызстанга дагы чектөө киргизүүнү караштырууда. Бул тууралуу Politico гезити булактарга таянуу менен жазып чыккан.
Кыргызстандан сырткары бул тизмеге Беларуссия,, Судан, Мьянма, Эритрея, Нигерия жана Танзания кирери айтылууда. Маалыматка ылайык, чектөөлөр визалардын белгилүү бир түрүнө же болбосо калктын айрым категорияларына караштуу болушу мүмкүн.

Белгилүү болгондой, тизме 2020-жылдын 27-январында гана бекитилет. Андыктан, ага чейин америкалык лидер оюнан кайтып калышы да мүмкүн.
Дональд Трамп The Wall Street Journa гезитине берген маегинде АКШга кирүүгө чек коюлган мамлекеттердин тизмесин кеңейтерин айтып, бирок, толук маалымат берген эмес.

2017-жылы америкалык президент Иран, Ливия, Сомали, Сирия, Йемен, Чад, Ирак, Судан, Венесуэла жана КНДР өлкөлөрүнүн жарандарына кирүүгө тыюу салган. Бир нече убакыттан кийин, Чад, Ирак жана Судан тизмеден алынып салынган.

Булак
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх