Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ак үйдүн алдындагы митингдин катышуучусу: Мага эч ким акча төлөгөн жок. Жеңиш Разаков актангысы келип жатат

Активист кыргыз-тажик чек арасындагы тынчтык үчүн өз өмүрүн курмандыкка чалууга даяр экенин билдирди

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков анын отставкасын талап кылып Ак үйдүн алдында өткөн митинг кимдир-бирөөлөр тарабынан каржыланганын айтуу менен актануу аракетин кылып жатат. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына аталган нааразычылык акциясынын катышуучуларынын бири, жарандык активист Айкут Кунушбай билдирди.

Анын айтымында, 10-декабрда ал кыргыз-тажик чек арасындагы учурдагы абал тууралуу жергиликтүү жашоочулар менен баарлашуу максатында өз эсебинен Баткенге барган.

- Жеке өзүм үчүн жооп бере турган болсом, мага эч ким эч нерсе төлөгөн эмес, - деп баса белгиледи Кунушбай. - Мен чек арада тынчтыктын орношу үчүн эч нерсени аябайм, өз өмүрүмдү дагы курмандыкка чалууга даярмын. Кечээ жакында эле Баткенге өз каражатым менен барып, жергиликтүү жашоочулар менен сүйлөшүп келдим, алар мага чек арадагы абал туурасында айтып беришти. Менимче, Жеңиш Разаков ушундай жол менен актанууга аракет кылууда.

Мындан сырткары, активисттин пикиринде Разаков кыргыз жерлерин Тажикстанга өткөрүп берип, «көптөгөн позиция боюнча» жеңилип калган.

- Ал көптөгөн позиция боюнча жеңилип калды, - деди Кунушбай. Биз жерлерибизден айрылдык. Ал биздин жерлерди Тажикстандын пайдасына берип койду.

Учурда активист өзүнүн санаалаштары менен кошо чек арадагы абал тууралуу маалымат чогултушуп, жакында аларды ачыкташмакчы.

Эске салсак, 15-январда Бишкекте парламенттин имаратынын жанында митинг өтүп, анда чогулгандар кыргыз-чек арасындагы чыр абалды тезинен чечүүнү талап кылышкан. Нааразычылык акциясына 70ке жакын киши чыккан.

Митингдин жүрүшүндө катышуучулар: «Жеңиш Разаков кетсин!» дешип, плакаттардын биринде «Урматтуу президент! Элдин үнүн угуп коюңуз» деген жазуу болгон.

Вице-премьер Жеңиш Разаков кийинчерээк Ак үйдүн жанында өткөн митинг акча менен уюштурлган деп эсептей турганын айткан.

«Эгер «кимдин адамы көп» десеңер мен да адамдарымды чыгарып көрөйүн. Мага, бирок, болбойт - мен мамлекеттик кызматкермин, мен тараптан бул туура эмес болуп калат», - деген Разаков.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх