Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Чындык» сайтынын редактору: Курсан Асанов менен ынак, үй-бүлөлүк мамилебиз бар

Журналист ИИМнин экс башчысы ага жашыруун маалыматтарды бербегенин айтты

Chyndyk.kg маалыматтык агенттигинин редактору Турсунбек Бейшенбеков анын дарегине тагылган айыптоолорго макул эмес. Бул тууралуу ал Vesti.kg сайтына өзү билдирди.

Анын айтымында ал чындыгында эле ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов менен тааныш, бирок, эч кандай жашыруун маалыматты Асанов ага берген эмес.

- Мен ал адам менен ынак, үй-бүлөлүк мамилем бар, - дейт Бейшенбеков. - Бирок, бизде эч качан саясатка байланышкан иштер болгон эмес.

Журналист ошондой эле бир суткадан азыраак убакыт кармалган убактылуу кармоочу жайында эч кандай кысымга кабылбаганын кошумчалады.

- Кызматкерлер тарабынан кысым же кандайдыр бир башка мыйзамсыз аракеттер болгон жок, - деп белгиледи ал. - Кармалган күнү мага үй камагы түрүндөгү бөгөт чарасы дайындалып, мени бошотушту. Мен айыптоолорго макул эмесмин. Мыйзам бар болсо, мен демек акталам.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх